КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

САТАРОВ НУРБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВИЧ
1984-жылдын 30-майында Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында төрөлгөн.
2006-жылы Нарын мамлекеттик университетинин инженердик багытын аяктаган. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын “Менеджмент” адистиги боюнча бүтүрүп, магистр даражасына ээ болгон.
Эмгек ишмердүүлүгүн 2007-жылы Нарын облустук стандартташтыруу борборунда жетектөөчү инженер болуп баштаган. 2010–2013-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясында социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген.
2013–2020-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында көзөмөл жана инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.
2020-жылдын мартынан 2021-жылдын майына чейин Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп иштеген. 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июль айына чейин Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясын жетектеген.
2022-жылдын июль айынан 2023-жылдын январь айына чейин Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри кызматын ээлеген.
2023-жылы Нарын облусундагы өкүлчүлүктө ишмердигин уланткан: январда — бөлүм башчысы, мартта — башкармалыктын жетекчиси, октябрдан тартып — Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалаган.
2024-жылдын март айынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында иштеп келген.
2025-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.