23 январь 2024

Кароолор: 23

Коррупцияга каршы аракеттенүү

2023-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппаратында коррупцияны алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча деталдаштырылган иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 08.08.2012-жылдагы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жѳнүндѳ” №153 Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 25.09.2020-жылдагы “2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия жѳнүндѳ” №180 Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппаратында коррупцияны алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү иш-чараларын жүргүзүү максатында буйрук кылам:

 

  1. 2023-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппаратында коррупцияны алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин. 
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппаратынын башкармалыктарынын начальниктери жана бѳлүм башчылары: 

- Иш-чаралар планын кынтыксыз аткарууга алуу боюнча бардык чараларды кѳрүшсүн;

- Иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалыматтарды ай сайын, кийинки айдын 5не чейин ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктууга берүүнү камсыз кылышсын;

- Иш-чаралар планынын сапаттуу жана ѳз убагында аткарылышы үчүн аппараттын башкармалыктарынын начальниктеринин жана бѳлүм башчыларынын жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.

4. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктууга:

- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча иштердин жүрүшүн координациялоо, ошондой эле ушул буйрук менен бекитилген жана облустагы мамлекеттик органдарда коррупцияны алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар пландарынын талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн жетекчиликтин кароосуна тартиптик чараларды колдонуу тууралуу сунуштарды киргизсин. 

3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаровго тапшырылсын. 

 

 

 

Ыйгарым укуктуу өкүл                                                           А.Эргешов