20 январь 2025

Кароолор: 24

Коррупцияга каршы аракеттенүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарты жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарты жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 05.06.2024-жылдагы  “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  аппаратынын регламентине ылайык буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин;

2. Аппараттын укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу бѳлүмүнѳ ушул буйрукту ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлерине кол койдуруу менен тааныштырсын;

            3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын  Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары рангындагы ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппарат жетекчисине тапшырылсын.

 

 

 

 

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн 

биринчи орун басары                                                               А.Сапаров