20 январь 2025

Кароолор: 35

Коррупцияга каршы аракеттенүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн“_____”__________ 2024-жылдагы №______буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарты

 

  1. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын (мындан ары – Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын) кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-турумунун стандарты “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык иштелип чыкты.

2. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм–турумунун стандарты (мындан ары - Стандарт) - тыюу салуу, чектөө, талап түрүндө туюндурулган мыйзамдык белгиленген эрежелердин жыйындысы, аларды сактоо мамлекеттик кызматчылардын коррупцияга каршы туруктуу жүрүм-турумун калыптандырууну болжолдойт.

3.    Стандарт коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө сабырсыздыктын атмосферасына жетишүүгө, ошондой эле коррупцияны өз убагында табууга жана алардын терс кесепеттерин алдын алууга багытталган.

4. Стандарт ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлеринин коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоого багытталган иш-аракеттеринин активдүүлүгүн же кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоодон баш тартуу же аракетсиздикке жол бербөө түрүндө белгиленген көрсөтмөлөрдү так сактоону болжолдойт.

Ошону менен бирге, ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлеринин жүрүм-туруму Кыргыз Республикасынын Президентинин 31.05.2022-жылдагы №171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодексинде” каралган жалпы кабыл алынган моралдын ченемдерине жана кызматтык, кесиптик этиканын ченемдерине, ишкердик жүрүм-турумдун эрежелерине ылайык келүүгѳ тийиш.

5. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодекси, Кыргыз Республикасынын Президентинин 05.06.2024-жылдагы “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзѳт.

6. Стандартты билүү жана аны сактоо кесиптик ишмердүүлүктүн жана кызматтык жүрүм-турумдун сапатын баалоонун критерийлеринин бири болуп саналат.

 

  1. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-турумунун принциптери

 

            7. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-турумунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

          1) бузулбастык - коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы туруу;

          2) мыйзамдуулук - өзүнүн кызматтык милдеттерин белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде аткаруу;

          3) коомдук кызыкчылыктарга артыкчылык берүү;

          4) жеке жоопкерчилик жана жеке үлгү.

 

  1.  Коррупциялык аракеттердин түрлөрү

 

8. Коррупция - бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым адамдар же топтор менен материалдык, кандай болбосун башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч түзүүчү укукка каршы туруктуу байланыштарды түзүүдө атайылап жасалган жосун.

9. Пара провокациясы – ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын  кызматкерлеринин анын макулдугусуз эле пара сунуштап жаткан адамдын кызыкчылыгында өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин белгилүү бир аракеттерин же аракетсиздигин аткаруу максатында мүлктүк жана башка жыргалчылыктарды, анын ичинде акчаны өткөрүп берүү же ага мүлктүк жана мүлктүк эмес мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү аракети.

10. Пара берүү – ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын  кызматкерлеринин кызмат адамына же ортомчулар аркылуу акча, баалуу кагаздар, башка мүлк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө кызмат адамы   же башка жеке адам же юридикалык жак үчүн ушул кызмат адамы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда кандайдыр бир аракет же аракетсиздик жасашы үчүн пара берүү.

11. Кызыкчылыктардын кагылышуусу - кызматчынын жеке (өзүнүн) кызыкчылыктары анын расмий милдеттерин же функцияларын аткаруусуна таасир этиши мүмкүн болгон, бул жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келген же алып келиши мүмкүн болгон учурларда пайда болгон кырдаал.

 

  1.  Коррупциянын алдын алууга багытталган тыюу салуулар, чектөөлөр жана милдеттердин тутуму

 

12. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлерине тѳмѳндѳгүлѳр тыюу салынат: 

    1) кызматтык милдеттерин аткарууда жеке өзүнүн жана жакын адамдарынын кызыкчылыгы бар көзөмөлдөө, контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга, алар келишимдерди түзүүгө (11-берене);

    2) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу наркы он эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адаттагы белектерден тышкары белектерди кабыл алууга (12-берене);

    3) эгерде кайрымдуулук жеке же юридикалык жактарга карата чечим кабыл алууга таасир этсе, жеке же юридикалык жактардан кайрымдуулуктарды, ошондой эле мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн мүлктүк жардамдын башка түрлөрүн талап кылууга же кабыл алууга;

13. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлери кайрымдуулукту мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын муктаждыктары үчүн персоналды окутууга же эмгекти уюштурууну жана материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртууга тиешелүү, эгерде ал кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган кырдаалда берилсе, кабыл ала алышат. 

    Кайрымдуулук, алардын наркына карабастан, мамлекеттин менчигине же тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын менчигине өткөрүп берилүүгө тийиш. 

14. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлерине төмөнкү чектөөлөр колдонулат: 

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесинин 18-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө (тиешелүү кесиптик чөйрөдө билим берүүчү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иш менен алектенүү, ошондой эле жетекчинин макулдугу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча акы төлөнүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган иштин түрлөрүнүн тизмесине ылайык жеке эмгек иши);

            Көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашыруу кызматчынын негизги иштеген жери боюнча аткарылуучу иштин санына жана сапатына чагылдырылбашы керек.

          - жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарбакер субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле өзүнүн кызматтык абалын жеке жана юридикалык жактарга бул үчүн алмашуу катары ар кандай пайда алуу менен ишкердикти жүзөгө ашырууда көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланууга;

          - эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адам же башка өкүл болууга;

          - маалыматты, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын жана кызматтык иш үчүн гана арналган башка мүлктү кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;

          - кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мыйзамдарда каралбаган сый акыларды (акчалай жана башка сый акылар, кызмат көрсөтүүлөр, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарга карата акы төлөмдөр), жеке жана юридикалык жактардан белектерди алууга;

          - кызматтык ишти партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө;

          - кызматкерлер менен жакын туугандык мамиледе болгон адамдардын түздөн-түз баш ийүүсүнө же контролдугуна байланыштуу кызматта болууга;

          - кызматына байланыштуу милдеттенмелерди өзүнө алуу жана ага ыйгарым укук берилбеген убадаларды берүү;

          - кызматчынын өзүнүн жана анын жакын туугандарынын жеке кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар маселелерди чечүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;

          - кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, мыйзамга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышпаган максаттарда ачыкка чыгарууга же пайдаланууга;

          - референдум жана шайлоо кампанияларынын мезгилинде кызматтык же кызматтык абалынын артыкчылыктарын жана административдик ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга;

          - эгерде мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын башкаруу органдарынын, камкордук же байкоочу кеңештеринин, башка органдарынын жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө;

          - мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылуучу кызматтык иш сапарларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кызматтык иш сапарларга чыгууга.

15. Ушул беренелерде каралган чектөөлөрдү сактабоо фактысын белгилөө кызматчыга карата ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейинки тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.

 

  1. Коррупцияга шарт түзгөн укук бузуулар

 

16. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, коррупция үчүн шарттарды түзүүчү укук бузуулар болуп төмөнкү иш - аракеттер жана аракетсиздиктер саналат:

1) башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын ишине мыйзамсыз кийлигишүү;

2) өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын, жакын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, жубайынын, бир тууганынын жана эже-сиңдилеринин) же туугандарынын (агаларынын, эжелеринин ата-энелеринин жана жубайлардын балдарынын) кызыкчылыктарын козгогон маселелерди чечүүдө өз ыйгарым укуктарын пайдалануу;

3) мамлекеттик же муниципалдык кызматка кабыл алууда жана кызмат ордунан жогорулатууда талапкерге мыйзамда каралбаган жеңилдиктерди берүү;

4) жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын козгогон чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда аларга мыйзамсыз артыкчылыктарды берүү;

5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын адвокаты катары катышууга, же аларга баш ийген, контролдонуучу же отчеттуу болуу;

6) расмий түрдө таркатылбаган жана мамлекеттик функцияларды аткарууда алынган маалыматтарды жеке же топтук кызыкчылыктар үчүн пайдалануу;

7) жеке жана юридикалык жактарга мыйзамда каралган маалыматтарды берүүдѳн негизсиз баш тартуу, аны өз убагында бербөө же анык эмес же толук эмес маалыматтарды берүү;

8) жеке же юридикалык жактардан мыйзамда каралбаган маалыматтарды суроо;

9) мамлекеттик же муниципалдык финансылык жана башка материалдык ресурстарды талапкерлердин, коомдук уюмдардын шайлоо фонддоруна которуу, ошондой эле аларды башка жарандарга жана юридикалык жактарга мыйзамсыз берүү;

10) протоколдук жана башка расмий иш-чараларды өткөрүүдө көңүл буруунун символикалык белгилерин жана символикалык сувенирлерди кошпогондо, жогору турган кызмат адамдарына белектерди берүү, материалдык жана башка жыргалчылыктарды берүү, кызматтык эмес кызматтарды көрсөтүү;

11) кызматына же ишинен башка жагынан көз каранды болгон жогору же төмөн турган же кызмат адамдары менен акчалай же башка мүлктүк мүнөздөгү кумар оюндарына катышуу;

12) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мындай ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү, ошондой эле аларга контролдук кылуу.

17. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлеринин жогоруда көрсөтүлгөн жосундардын кайсынысын болбосун жасоо, эгерде ал кылмыштын курамын камтыбаса, тартиптик жазаларды колдонууга, анын ичинде аларды ээлеген кызматынан бошотууга алып келет.

 

  1. Коррупцияга каршы туруу

 

    18. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратына кызматка кабыл алынган  талапкерлер аппаратта коррупциялык укук бузууларга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жѳнүндѳ” Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектөөлөрдү өздѳрүнө ыктыярдуу кабыл алат. Талапкерлер мамлекеттик кызматта тыюу салынган аракеттердин укуктук кесепеттери жөнүндө кабардар кылынат.

    19. Чектөөлөрдү кабыл алуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеде чагылдырылат. Чектөөлөрдү кабыл албоо (толугу менен же жарым-жартылай) мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алуудан баш тартууга алып келет.

    20. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”  Мыйзамынын 9-беренесинин 6-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн талаптарга ылайык, ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлеринин коррупциялык көрүнүштѳргѳ байланышкан фактылары белгилүү болгон учурларда, бул тууралуу ѳкүлдүн аппаратынын жетекчилигине токтоосуз билдирилүүгө тийиш.

          21. Бул фактылар боюнча текшерүү жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан учурларды кошпогондо, коррупциялык укук бузууларды жасоого түрткү берүү максатында жасалган мамиленин фактыларын билдирүү аппараттын ар бир кызматкеринин кызматтык жоопкерчилиги болуп саналат.

Кызматкерлердин билип туруп жогоруда көрсөтүлгөн кызматтык милдеттерин аткарбашы аны мамлекеттик кызматтан бошотууга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтин башка түрлөрүнө тартууга алып келген укук бузуу болуп саналат.

 

  1. Кызыкчылыктардын кагылышуусу учурунда кызматкерлердин жүрүм-туруму

 

22. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратында кызыкчылыктардын кагылышуусун жараткан жагдайларга жол бербөө боюнча чаралардын көрүлүүсү милдеттүү.

          23. Кызыкчылыктардын кагылышы же болбосо мындай конфликт пайда болушу мүмкүн болгон учурда кызматкер бул тууралуу түздѳн - түз жетекчиликке маалымдоого тийиш. Мындай жагдайда жетекчилик тарабынан кызматкерлердин кызматтык ыйгарым укуктарынын артыкчылыктарын жеке максаттарда пайдалануусуна жол бербөө максатында мыйзамдарда белгиленген чараларды көрөт.

          24. Кызыкчылыктардын кагылышынын тарабы болуп саналган кызматкердин кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу же чечүү боюнча чараларды көрбөгөнү кызматкерди кызматтан бошотууга алып келүүчү укук бузуу болуп саналат.

 

  1. Белектерди алуу

 

         25. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлери тарабынан кызыкдар тараптардан белектерди (акча, товар, кызмат көрсөтүү ж.б.) алуу үчүн кызматтык абалын пайдаланууга укугу жок жана беделине шек келтирген жагдайлардан алыс болууга тийиш. 

          26. Үчүнчү жакка иш-аракет (аракетсиздик) же кызматтык милдеттерин кийинкиге калтыруу түрүндө белек, сыйлык же башка жеке пайда үчүн кандайдыр бир жардам сунуштоого же убада кылууга тыюу салынат.

         27. Наркы он эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адаттагы белектерди алууга жол берилет.       

28. Кызматкерлерге белектерди сатып алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен белгиленген тартипте уруксат берилет.

 

  1. Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу менен байланышкан мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу

 

29. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратына керектүү товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга байланышкан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так жетекчиликке алууга;

2) мамлекеттик сатып алуулар үчүн пайдаланылган акча каражаттарын оптималдуу жана натыйжалуу чыгымдоого;

3) мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда, инновациялык жана жогорку технологиялуу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда ачыктык, калыстык, айкындуулук жана айкындуулук принциптерин карманууга;

4) коррупциялык көрүнүштөргө жана ѳткөрүлгөн мамлекеттик сатып алууларга аффилирленген жактардын катышуусуна жол бербөөгө.

 

 

 

VIII.  Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратына кадрларды тандоо жана жайгаштыруу

 

          30. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратына кадрларды тандоодо жана жайгаштырууда:

1) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзам талаптары сакталышы зарыл;

2) туугандык жана жамааттык негизде кадрларды тандоо жана жайгаштыруу учурларына жол бербөөгѳ, меритократия принциптеринин сакталышын камсыз кылууга (кадрдык чечимдер кесиптик өзгөчөлүктөрүн жана ак ниеттүүлүгүн, иш стажын жана иш тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынууга тийиш);

3) кызматка алууда ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын кызматкерлерине коюлган негизги милдеттерди, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү түшүндүрүүгѳ;

    4) кызматкерлерге карата кызматтык териштирүүлөрдү объективдүү жана ар тараптуу жүргүзүүгѳ;

    5) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жѳнүндѳ” Мыйзамынын талаптарына ылайык, кызматкерлерди дайындоодо декларация толтуртууга жана каттоого алынууга тийиш.

 

  1. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын жетекчилигинин коррупцияга каршы күрөшүүгө жана алдын алууга багытталган иштерди уюштуруу боюнча жоопкерчилиги

 

31. Коррупцияга каршы аракеттенүүнү ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын бардык кызматкерлери өз функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырууга милдеттүү;

32. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын жетекчилиги аппаратта  коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган ырааттуу, системалуу жана үзгүлтүксүз аракеттерди көрүүгө тийиш;

         33. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн аппаратынын жетекчилиги жана коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын жана каралган чаралардын колдонулушун камсыз кылат жана кѳзѳмѳлдѳйт.

 

 

Ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн 

орун басар рангындагы 

ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн 

аппарат жетекчиси                                                                    Ж.Беккелдиев