30 январь 2026
Кароолор: 14
Резервдик фонддун акча каражаттарын пайдалануу тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунун 2025-жылы сарпталышы боюнча МААЛЫМАТ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу
өкүлүнүн резервдик фондунун 2025-жылы сарпталышы боюнча
МААЛЫМАТ
(миң сом)
| № | Буйруктун номери жана датасы | Сумма (мин сом) | Маалымат (кайда сарпталгандыгы жөнүдө) |
1 | 2 | 3 | 4 |
| 2025-жылдын 1-январына карата калдык | --- | Счет №28241100 2025-жылга 2973,2 миң сомго смета бекитилген. | |
| 2025-жылы резервдик фонд каржыланды: | 2973,2 | ||
| Январь-2025-ж. | 247,8 | ||
| Февраль-2025-ж. | 247,8 | ||
| Март -2025г. | 247,8 | ||
| Апрель-2025г. | 247,8 | ||
| Май -2025г. | 247,8 | ||
| Июнь -2025г. | 247,8 | ||
| Июль-2025г. | 247,8 | ||
| Август-2025г. | 247,5 | ||
| Сентябрь-2025г. | 247,8 | ||
| Октябрь-2025г. | 247,8 | ||
| Ноябрь-2025г. | 247,8 | ||
| Декабрь-2025г. | 247,7 | ||
| Сарпталышы: |
| ||
| |||
Буйрук №17-б 24.01.2025-ж. | 45,0 | 2025-жылдын 24-26-январь күндөрү Жумгал районунун Чаек айылында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча Жумгал районунун ачык биринчилигин уюштурууну финансылык колдоо максатында 45000 сом. | |
Буйрук №22-б 29.01.2024-ж. | 30,0 | -Кочкор районундагы Туз айылынын тургуну, жалгыз бой төрт балалуу эне Абдыкеримова Саткынбүбүгө 1-топтогу майып 1995-жылы төрөлгөн кызы Бейшенбек кызы Венераны кезектеги дарылатуусуна 10000 сом; -Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылынын тургуну Исакова Аидага 2016-жылдан бери сөөк ооруларынан жабыркап келе жаткан 2-топтогу майып 2000-жылы төрөлгөн кызы Эркинбек кызы Венеранын оорусу операция жасаткандан кийин да жакшы болбой күчөп, узак убакытка реабилитациялык дарылануудан өткөрүү зарыл болуп жаткандыктан 20000 сом. Бардыгы 30000 сом. | |
Буйрук №23-б 29.01.2025-ж. | 65,0 | -Нарын районундагы Казан-Куйган айылынын тургуну Саалаев Эркинбекке 2005-жылы төрөлгөн, бала кезинен шал оорусу менен жабыркап келе жаткан 1-топтогу майып уулу Эркинбек уулу Исламдын азыркы убакта ден соолугу начарлап жаткандыктан узак убакыт реабилитациялык дарылануудан өткөрүүсүнө 45000 сом; -Нарын шаарынын Тулебердиев көчөсүндөгү №126-үйдүн тургуну Турдакунов Келдибекке 1-топтогу майып колуктусу Куйкеева Анаранын тогуз айдан бери гемодиализ алып жаткандыгына жана учурда гепатит оорусу да күчөп, күчтүү дарылануудан өткөрүү зарыл болуп жаткандыктан 20000 сом. Бардыгы 65000 сом | |
Буйрук 37-б 10.02.2025-ж. | 10,0 | Нарын шаарынын Р.Заярко көчөсүндөгү №66-үйдүн тургуну, М.Сыдыков атындагы №7 орто мектептин 10-классынын окуучусу Максатова Элизага 2025-жылдын 13-18-февраль күндөрү Казакстан республикасынын Алматы облусунда өтүүчү айымдар арасындагы бокс боюнча өтүүчү эл аралык мелдешке катышуусун финансылык колдоо максатында 10000 сом. | |
Буйрук №38-б 11.02.2025-ж. | 30,0 | Жумгал районундагы Чаек айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Асанова Сайкалдын бөйрөк оорусу кескин күчөгөндүктөн бөйрөгү иштебей учурда кымбат турган гемодиализ процедурасын алып жаткандыгына байланыштуу финансылык эн оор абалда турганын айтып кайрылгандыктан 30000 сом. | |
Буйрук №39-б 11.02.2025-ж. | 25,0 | Нарын облустук Афган согушунун ардагерлери тарабынан Советтик Армиянын Ооган жеринен чыгарылгандыгынын 36 жылдык мааракесине арнап, ооган согушунда курман болгон жоокерлерди эскерүү катары Куралдуу күчтөрдүн, Афган, Баткен согушунун ардагерлеринин арасында 2025-жылдын 8-15-февраль күндөрү өткөрүлүүчү волейбол боюнча облустун биринчилигин уюштурууну финансылык колдоо максатында 25000 сом. | |
Буйрук №40-б 11.02.2025-ж. | 260,0 | 2025-жылдын 15-18-февраль күндөрү Нарын шаарында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогуна арналган республикалык ачык биринчиликти уюштуруп өткөрүүнү финансылык колдоо максатында 260000сом. | |
Буйрук №51-б 26.02.2025-ж. | 300,0 Факт 286,0 | 2025-жылдын 8-Март Эл аралык аялдар күнүнө карата облустун масштабында Нарын облусунун аймагында ар кыл тармакта эмгек сиңирген аял жолдоштордун эмгегин даңазалоо максатында өткөрүлчү майрамдык иш-чараны уюштурууну финансылык колдоо максатында 300000 сом. | |
Буйрук №53-б 03.03.2025-ж. | 15,0 | Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №134/1-үйдө убактылуу батирде жашаган аз камсыз, үч балалуу жалгыз бой эне, 1981-жылы туулган Абдылдаева Гүлзатка азыркы убакта бөйрөк оорусу кескин күчөп, дарыланып жаткандыгына байланыштуу финансылык эн оор абалда турганын айтып кайрылгандыктан 15000 сом. | |
Буйрук №54-б 05.03.2025-ж. | 30,0 | Нарын районунун Оттук айылынын тургуну, алты баланын энеси Курманакунова Самарага Оттук айылынын Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектептин 7-классында окуган кызы Бексултанова Керемет жакында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн “Бала шабыты” конкурсунда комуз чертүү менен Гран-при сыйлыгын жеңип алып, 2025-жылдын 21-мартында Түркия мамлекетинде өтүүчү “Алай стар” эл аралык конкурска жолдомо алгандыктан, кызынын аталган конкурска катышуусун финансылык колдоо максатында 30000 сом. | |
Буйрук №79-б 25.03.2025-ж. | 40,0 | -Нарын шаарынын Раззаков көчөсүндөгү №5а/10-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып Абдраева Замирага 15000 сом; -Нарын шаарынын Раззаков көчөсүндөгү №5а/9-үйдүн тургуну, 1-топтогу майып Өмүралиева Айсулууга 15000 сом; -Нарын шаарынын Боогачы көчөсүндөгү №20/1-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып Нарынбаева Рысканга 10000 сом. Бардыгы 40000 сом. | |
Буйрук №98-б 15.04.2025-ж. | 18,4 | Окуучулардын мектептен тышкаркы убактарын туура пайдаланууга жана техникалык-чыгармачылык кызыгууларын, талантын колдоо, өспүрүмдөрдү инновациялык изденүүлөргө, келечектеги долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо, жаш техниктердин ойлоп табууларын, жөндөмүн колдоо менен келечектеги кесиптерин тандоого туура багыт берип, өбөлгө түзүү максатында 2025-жылдын 3-апрелинде өткөрүлгөн “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” облустук маанидеги коомдук-маданий иш-чараны уюштурууну финансылык колдоо максатында 18400 сом. | |
Буйрук №99-б 15.04.2025-ж. | 10,0 | Нарын шаарынын Самансур-Ата көчөсүндөгү №4/1-үйдө убактылуу аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган Кыштообаева Гүлмирага өзүнүн багуусундагы 2018-жылы туулган небереси Рыскулов Жаңыбайдын көзүнө 2024-жылы ок жаңылып майыптыкты алып, бир нече жолу көзүнө операция жасалып, азыркы убакта ден соолугу начарлап жаткандыгына байланыштуу кезетеги дарылануусуна жардам сурап кайрылгандыктан 10000 сом. | |
Буйрук №106-б 18.04.2025-ж. | 10,0 | 23-апрель күнү белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Нарын облустук С.Орозбаков атындагы информациялык китепкана тармагы тарабынан уюштурулуп жаткан “Улуу Жеңиш – тарых барактарында” аталыштагы коомдук-маданий иш-чараны финансылык колдоо максатында 10000 сом. | |
Буйрук №113-б 24.04.2025-ж. | 30,0 | -Нарын шаарынын Абдыш-Ата көчөсүндөгү №39-үйдүн тургуну, 1-топтогу майып Эгимбаева Какенге 10000 сом; -Нарын шаарынын Раззаков көчөсүндөгү №35/5-үйдүн тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган, учурда жүрөк жана кант оорусу менен жабыркап жаткан Касмалиева Бүбүйрага 5000 сом; -Нарын районундагы Эмгекчил айылынын тургуну Сабитахунова Зумратка 2008-жылы туулган 1-топтогу майып уулу Нурдинди чет өлкөдө операция жасатуусуна жардам катары 15000 сом; Бардыгы 30000 сом. | |
Буйрук №114-б 30.04.2025-ж. | 10,0 | 9-Май Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылынын М.Өмүракунов көчөсүндөгү №22-үйдө жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Жапаров Сатындыга финансылык колдоо көрсөтүү максатында 10000 сом. | |
Буйрук №115-б 12.05.2025-ж. | 160,0 | Нарын облусунун футзал боюнча курама командасы үч жылдан бери Кыргызстандын Суперлигасында жакшы ийгиликтерди жаратуу менен ойноп келишүүдө жана быйыл да финалга чыгышып чемпиондукка ат салышууга мүмкүндүк алышкандыктан, финансылык колдоо максатында спорттук формаларын жана топторун жаңыртуу зарылчылыгына 160000 сом. | |
Буйрук №116-б 13.05.2025-ж. | 60,0 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогуна арналып 2025-жылдын 31-майында өткөрүлгөнү жаткан Каратэ-Шотокан боюнча ачык чемпионатка финансылык колдоо көрсөтүү максатында 60000 сом. | |
Буйрук №121-б 20.05.2025-ж. | 60,0 | Спорттун жаңы түрлөрүн эл арасында кенири жайылтуу, өзгөчө жаштардын кызыгуусун улуттук спортко буруу максатында байма-бай мелдештерди өткөрүп туруу зарылчылыгы болгондуктан жана Кыргыз Республикасынын Чемпионатына катышууга жолдомо берүүгө Нарын облусунун курама командасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогуна арналып таяк тартыш боюнча Нарын облусунун кезектеги III ачык биринчилигин уюштурууга финансылык колдоо көрсөтүү максатында 60000 сом. | |
Буйрук №122-б 20.05.2025-ж. | 10,0 | 2025-жылдын 23-майында өткөрүлгөнү жаткан республикалык “Көңүлдүү жигиттер” лигасына Нарын шаарынын жаштарынан түзүлгөн “Байкемдин достору” курама командасынын катышуусуна Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жаштар саясатын жүргүзүү боюнча иштердин планына ылайык финансылык колдоо көрсөтүү максатында 10000 сом. | |
Буйрук №131-б 02.06.2025-ж. | 40,0 | - Нарын шаарынын Самансур-Ата көчөсүндөгү №2/2-үйдүн убактылуу тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган Майрамбек кызы Нурзадага 2019-жылкы кызы Сагынбекова Арина төрөлгөндөн бери шал оорусу менен жабыркап, азыркы убакта ден соолугу начарлап жаткандыктан кошумча дарылануудан өткөрүүсүнө 10000 сом; - Нарын шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндөгү №21-үйдүн убактылуу тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган памирлик кыргыз Памири Салахудинге учурда жашоо шартына байланыштуу батир акысын төлөй албай жардам сурап кайрылгандыктан 30000 сом. Бардыгы 40000 сом. | |
Буйрук №139-б 19.06.2025-ж. | 15,0 | Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын К.Берикбаев көчөсүндөгү №17-үйдүн тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган беш балалуу жалгыз бой эне Эсенбек кызы Айзатка азыркы убакта турмуштук оор кырдаалда кыйналып жатканын билдирип жардам сурагандыктан 15000 сом. | |
Буйрук №140-б 19.06.2025-ж. | 35,0 | -Кочкор районундагы Кочкор айылынын Баетов көчөсүндөгү №8-үйдүн тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган төрт балалуу жалгыз бой эне Абдыкеримова Нурзадага азыркы убакта ден соолугу начарлап, онколог дарыгерлердин кароосунан өтүүгө бара жаткандыктан 5000 сом; -Кочкор районундагы Чолпон айылынын Тентимиш көчөсүндөгү №26-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып Стамова Калбүбүгө өз багуусуна алган 96 жаштагы энеси Жумашова Жибектин азыркы убакта ден соолугу начарлап, дарылатууга акча каражаты керек болуп жаткандыктан 10000 сом; -Нарын шаарынын Р.Заярко көчөсүндөгү №26-үйдүн тургуну, эки буту тең ампутация болгон 1-топтогу майып Абдырахманова Рахатка азыркы убакта ден соолугу начарлап, дарылатууга акча каражаты керек болуп жаткандыктан 10000 сом; -Нарын шаарынын Т.Акунов көчөсүндөгү №22-үйдүн тургуну, он жылдан бери паркинсон дарты менен жабыркап келе жаткан 2-топтогу майып Өмүркулов Бактыбекке азыркы убакта кан басымы көтөрүлүп дарылануусу зарыл болуп жаткандыктан 10000 сом. Бардыгы 35000 сом. | |
Буйрук №143-б 24.06.2025-ж. | 50,0 | 2025-жылдын 28-29-июнь күндөрү Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу “Сары-Тал” жайлоосунда республикалык денгээлдеги “Кыргыз шырдагы” улуттук шырдак боюнча эл аралык сынакты, “Кыргыз даамы” улуттук тамак-аштардын фестивалын жана “Хан Кошой” кыргыз күрөшү боюнча эл аралык мелдешти уюштурууга финансылык колдоо көрсөтүү максатында 50000 сом. | |
Буйрук №147-б 30.06.2025-ж. | 5,0 | Нарын шаарынын Ак-Жолтой көчөсүндөгү №31-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып Касымалиева Чолпонго азыркы убакта эпилепсия оорусу күчөп кыйналып жаткандыктан дарыланууга жардам сурагандыктан 5000 сом. | |
Буйрук №156-б 08.07.2025-ж. | 130,0
| Республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү 4 окуучуга, эл аралык олимпиадаларда байгелүү орун алышкан 3 окуучуга, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алышкан 2 окуучуга жана стимул берүү максатында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай алган 4 окуучуга ар бирине 10000 сомдон, бардыгы 130000 сом. | |
Буйрук №159-б 15.07.2025-ж. | 5,0 | Нарын шаарынын Самансур-Ата көчөсүндөгү №1/4-үйдүн тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган төрт балалуу жалгыз бой эне, 2-топтогу майып Рыскулова Асемага материалдык жардам катары 5000 сом. | |
Буйрук №166-б 17.07.2025-ж. | 15,0 | Жумгал районунун Чаек айылынын А. Акматалиев көчөсүндөгү №1/4-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып Ибраимов Кубанычбек Аджикеевичке Бүткүл Дүйнөлүк шахмат федерациясынын чакыруусу менен Индия өлкөсүнүн Гоа штатында майыптыгы бар жарандар арасында өтүүчү 24-Дүйнөлүк IPCA жеке шахмат чемпионатына катышуусун финансылык колдоо катары 15000 сом. | |
Буйрук №172-б 22.07.2025-ж. | 10,0 | Нарын шаарынын Ж. Шералиев көчөсүндөгү №42-үйдүн убактылуу тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган эки балалуу жалгыз бой эне, 3-топтогу майып Жумакадырова Жайнагүлгө материалдык жардам катары 10000 сом. | |
Буйрук №174-б 23.07.2025-ж. | 54,0 | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-майындагы №158 жана №159 Жарлыктарынын негизинде “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйланган энелерге салтанаттуу иш-чара убагында тапшыруу үчүн белек сатып алууга 54000сом. | |
Буйрук №178-б 29.07.2025-ж. | 10,0 | Нарын шаарынын Алтын-Нур көчөсүндөгү №51-үйдүн тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган төрт балалуу эне, 2-топтогу майып Ырсалиева Айсулууга материалдык жардам катары 10000 сом. | |
Буйрук №179-б 31.07.2025-ж. | 30,0 | Артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчү Нурлан Ногойбаев Кембридж университетинде Technology Policy (Технологиялар саясаты) магистрдик программасы боюнча окууга өткөндүгүнө байланыштуу финансылык колдоо көрсөтүү максатында 30000 сом. | |
Буйрук №180-б 01.08.2025-ж. | 10,0 | Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №83/7-үйдүн тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган 2-топтогу майып Жамангулов Усупбекке материалдык жардам катары 10000 сом. | |
Буйрук №188-б 12.08.2025-ж. | 10,0 | Нарын шаарынын С. Орозбак көчөсүндөгү №167/18-үйдүн убактылуу тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган эки балалуу жалгыз бой эне Арзыбекова Айгүлгө материалдык жардам катары 10000 сом. | |
Буйрук №189-б 21.08.2025-ж. | 16,0 | -Нарын шаарынын Мамбетсултанов көчөсүндөгү №50-үйдүн тургуну Курманбек кызы Кундузга 2022-жылы туулган уулу Кадыркулов Усманга “аутизм”, “ЗПРР” диагноздору коюлуп, учурда дарылатууга акча каражаты зарыл болуп жаткандыктан 6000 сом; -Нарын шаарынын Самансур-Ата көчөсүндөгү №2/2-үйдүн тургуну Майрамбек кызы Нурзадага 2019-жылы туулган кызы Сагынбекова Аринага “ДЦП” диагнозу коюлуп, мындан тышкары мээ кистасы, сколиоз жана эпилепсия оорулары менен жабыркап жаткандыктан, кезектеги дарылануусуна 10000 сом. Бардыгы 16000 сом. | |
Буйрук №191-б 21.08.2025-ж. | 15,0 | Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №2/41-үйдүн тургуну Джаанбаева Айпериге Гарвард Университетине Массачусут технологиялык институтунун “Дизайн обучения, Иновации и Технологии” программасын ийгиликтүү тапшырып, окууга өткөндүгүнө байланыштуу финансылык колдоо катары 15000 сом. | |
Буйрук №97-б 25.08.2025-ж. | 50,0 | Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жана “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан-ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыктарын аткаруу максатында жана 31-август -- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттун айрым түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогуна арналган спорттук мелдештердин өтүшүн камсыздап байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларды сыйлоо үчүн 50000 сом. | |
Буйрук №198-б 25.08.2025-ж. | 50,0 | Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата 2025-жылдын 30-августунда Жалал-Абад шаарында бардык облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын катышуусунда өтүүчү коомдук-маданий иш-чарага жана “Мыкты кыргыз боз үйү”, “Улуу мурас” улуттук каада-салттар, “Улуттук даамдар” сынактарына Нарын облусунун өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздап, сынакка алып барылуучу буюмдарды жана жабдууларды ташуу боюнча транспорттук чыгымдарга төлөө үчүн 50000 сом. | |
Буйрук №199-б 25.08.2025-ж. | 5,0 | Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №8/37-үйдүн тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган 2-топтогу майып Сыдыкова Мырзабүбүгө материалдык жардам катары 5000 сом. | |
Буйрук №200-б 27.08.2025-ж. | 15,0 | - Жумгал районундагы Куйручук айылынын Куйручук көчөсүндөгү №48-үйдүн убактылуу тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган үч балалуу жалгыз бой эне Акматова Рыскүлгө 5000 сом; - Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Жеңиш көчөсүндөгү №11-үйдүн убактылуу тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган беш балалуу эне Бекматова Мединага 2011-жылы туулган кызы Айназик жана 2019-жылы туулган уулу Айтегин бала кезинен майып болгондуктан, алардын кезектеги дарылануусуна 10000 сом. Бардыгы 15000 сом | |
Буйрук №201-б 28.08.2025-ж. | 15,0 | -Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №280/25-үйдүн убактылуу тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган сегиз балалуу жалгыз бой эне Жумабек кызы Кыялга 5000 сом; - Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Берикбаев Кулубай көчөсүндөгү №17-үйдүн убактылуу тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган беш балалуу жалгыз бой эне Эсенбек кызы Айзатка 2023-жылы туулган уулу Биймурастын жүрөгүнө операция жасатуусуна 10000 сом. Бардыгы 15000 сом. | |
Буйрук №204-б 02.09.2025-ж. | 10,0 | Нарын шаарынын Көтөрмө көчөсүндөгү №66-үйдүн убактылуу тургуну, беш балалуу жалгыз бой эне Ажалиева Заринага 2009-жылы төрөлгөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген уулу Эржандын кезектеги дарылануусуна материалдык жардам катары 10000 сом. | |
Буйрук №207-б 03.09.2025-ж. | 10,0 | 2025-жылдын 12-14-сентябрь күндөрү Баткен шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген мамлекеттерде жашаган Ооган согушунун ардагерлеринин арасында өтүүчү волейбол оюну боюнча эл аралык турнирге Нарын облусунда жашаган Ооган согушунун ардагерлеринин катышып келүүсүн финансылык колдоо катары 10000 сом. | |
Буйрук №210-б 08.09.2025-ж. | 10,0 | Нарын районундагы Жан-Булак айылынын тургуну, 2-топтогу майып, аз камсыз жалгыз бой эне Иманалиева Чынаркүлгө материалдык жардам катары 10000 сом. | |
Буйрук №212-б 11.09.2025-ж. | 10,0 | Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Казиева Бактыгүл Нуралиевнага гипертониялык оору менен жабыркап жүргөндүктөн геморрагиялык инсульт болуп, азыркы учурда өтө кооптуу абалда жаткандыктан тез арада операция жасатуусуна материалдык жардам катары 10000 сом. | |
Буйрук №214-б 12.09.2025-ж. | 15,0 | - Нарын шаарынын К. Шадыканов көчөсүндөгү №3/2-үйдүн тургуну, эки балалуу жалгыз бой эне Таштанбекова Аселге бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2013-жылы төрөлгөн кызы Айдананын бутуна операция жасатуусуна материалдык жардам катары 5000 сом; - Нарын шаарынын Кожомкул көчөсүндөгү №3-үйдүн тургуну, жалгыз бой эне Айдекова Жаз-Айымга бир жылдан бери жүрөк кемтиги оорусу менен жабыркап жаткан 2010-жылы төрөлгөн уулу Теңирди кезектеги дарылатуусуна материалдык жардам катары 10000 сом. Бардыгы 15000 сом. | |
Буйрук №223-б 24.09.2025-ж. | 35,0 | Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгын аткаруу максатында 1-октябрь – Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата спорттун айрым түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогуна арналган спорттук мелдештерди уюштурууга финансылык колдоо көрсөтүүгө 35000 сом. | |
Буйрук №226-б 26.09.2025-ж. | 40,0 | 1. Таяк тартыш жана алыш күрөшү боюнча эл аралык деңгээлдеги спорт чебери, эркин күрөш, самбо, грэпплинг боюнча спорт чебери, Нарын шаарынын А.Тыныбеков көчөсүндөгү №18-үйдүн тургуну Абдыкадырова Элзага 2025-жылдын 9-11-октябрь күндөрү Лас-Вегаста (АКШ) өтүүчү “Mr.Olimpia” дүйнөлүк мелдешке катышуусуна финансылык колдоо көрсөтүүгө 20000 сом. 2. 2025-жылдын 11-октябрында “Ат-Башы мергенчилер” коомдук бирикмеси Ат-Башы районунун Кирпичзавод участкасындагы аскер комиссариатынын ок атуу полигонунда спорттук таамай атуу мелдешин өткөрүүсүнө финансылык колдоо көрсөтүүгө 20000 сом. Бардыгы 40000 сом. | |
Буйрук №228-б 29.09.2025-ж. | 90,0 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Кыргыз Республикасында балдарды, карыларды жана майыптарды коргоонун эл аралык күндөрүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык 2025-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин өтүп жаткан “Карыларга көңүл буруу жана кам көрүү” ураанынын астындагы иш-чаранын алкагында Нарын облусунун аймагында жашаган жүз жаштагы жана андан жогорку курактагы 18 кары адамдарыбыздын ар бирине 5000 сомдон материалдык жардам көрсөтүүгө бардыгы 90000 сом. | |
Буйрук №231-б 30.09.2025-ж. | 20,0 | - Нарын шаарынын Андабеков көчөсүндөгү №40-үйдүн тургуну, жетимиш жети жаштагы эне Балтабаева Санабарга бала кезинен шал оорусу менен жабыркап келе жаткан 1-топтогу майып 1989-жылы төрөлгөн кызы Осмонова Динараны кезектеги дарылатуусуна материалдык жардам катары 10000 сом; - Нарын шаарынын Алтын-Нур көчөсүндөгү №51-үйдүн тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган Жумабаев Эрнистин жашап жаткан үйү кулап калып материалдык сурагандыктан жардам катары 10000 сом. Бардыгы 20000 сом. | |
Буйрук №236-б 02.09.2025-ж. | 50,0 | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Нарын облусундагы укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн байгесине арналган II спартакиадасын уюштурууга финансылык колдоо көрсөтүүгө 50000 сом. | |
Буйрук №245-б 10.10.2025-ж. | 10,0 | Нарын шаарынын Мырзабеков көчөсүндөгү №1-үйдүн тургуну, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган жалгыз бой эне Мураталиева Динарага материалдык жардам катары 10000 сом. | |
Буйрук №249-б 14.10.2025-ж. | 10,0 | Нарын шаарынын Аска-Тоо көчөсүндөгү №17-үйдө убактылуу жашаган, 2003-жылы туулган, Жумгал районунун Чаек айылында жайгашкан “Нур-Булак” үй тибиндеги балдар үйүндө тарбияланып чоңойгон, учурда Нарын мамлекеттик университетинин 4-курсунда окуп жаткан Кеңешова Кларага материалдык жардам катары 10000 сом. | |
Буйрук №262-б 29.10.2025-ж. | 10,0 | -Ак-Талаа районунун Кадыралы айылынын тургуну, 1-топтогу майып, аз камсыз жалгыз бой кары адам Кыдыршаев Бейшенбекке материалдык жардам катары 10000 сом; -Нарын шаарынын Алтын балалык көчөсүндөгү №1-үйдүн тургуну Кенжебекова Нуризага жети жаштагы уулу Эржан Жекшенбеков төрөлгөндөн бери Прадера-Вилли дарты менен жабыркап майыптыкты алып, дайыма Бишкекке алып барып дарылатып турууга муктаж болгондуктан материалдык жардам катары 10000 сом. Бардыгы 20000 сом. | |
Буйрук №274-б 11.11.2025-ж. | 500,0 | 2025-жылдын декабрь айында облустук деңгээлде өткөрүлүүчү Жаңы жылдык майрамдык иш-чаранын алкагында облустун аймагында жашаган ата-энеси каза болгон балдарга, аз камсыз, турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдүн балдарына, окууда жакшы ийгиликтерге жетишкен алдыңкы окуучуларга, бардыгы 400 баланын ар бирине 1250 сомдон турган Жаңы жылдык майрамдык белектерди сатып алууга 500000 сом. | |
Буйрук №281-б 18.11.2025-ж. | 21,0 | - Нарын шаарынын С. Орозбак көчөсүндөгү №136-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып жалгыз бой эне Бейшеналиева Айканышка материалдык жардам катары 5000 сом; - Нарын шаарынын Босого көчөсүндөгү №6-үйдүн тургуну, алты балалуу жалгыз бой эне Жамангулова Махабатка материалдык жардам катары 6000 сом; - Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну, А. Иманбердиев көчөсүндөгү №126-үйдүн тургуну Төрөбекова Рахимага беш жаштагы кызы Жолдошбекова Адэля СМА (жүлүн булчуң атрофиясы) оор дарты менен жабыркап, тез арада акысы 2 млн сом АКШ доллары турган дарылатууга муктаж болгондуктан материалдык жардам катары 10000 сом. Бардыгы 21000 сом. | |
Буйрук №284-б 21.11.2025-ж. | 5,0 | Нарын шаарынын Айгыр-Жал көчөсүндөгү №44/2-үйдүн тургуну, көзүнүн көрүүсү боюнча 2-топтогу майып Чолуков Токтогулга материалдык жардам катары 5000 сом. | |
Буйрук №285-б 21.11.2025-ж. | 20,0 | 2025-жылдын 27-ноябрында өткөрүлүүчү мектеп окуучулары тарабынан тартылган экстремизмге жана терроризмге каршы видеороликтерге сынактын жыйынтыгын чыгаруучу форумда жеңүүчүлөрдү сыйлоого жана форумду уюштурууга финансылык колдоо көрсөтүүгө 20000 сом. | |
Буйрук №297-б 09.12.2025-ж. | 30,0 | 3-декабрь майыптардын Эл аралык күнүнө карата 2025-жылдын 18-19-декабрында Нарын облусунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын арасында өткөрүлүүчү ачык Пара-спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоого 30000 сом. | |
Буйрук №309-б 16.12.2025-ж. | 15,0 | -Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №57/12-үйдүн тургуну, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган үч балалуу эне Социалова Адилага материалдык жардам катары 10000 сом; -Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургуну, пенсионер Шапакова Турсунбүбүгө боорунда киста, бөйрөгүндө таш пайда болуп, операция жасатууга муктаж болуп жаткандыктан материалдык жардам катары 5000 сом. Бардыгы 15000 сом. | |
Буйрук №311-б 19.12.2025-ж. | 225,0 | Нарын облусунун аймагында жашаган калктын аялуу катмарынын муктаждыктарын талдоонун негизинде социалдык колдоого муктаж аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар жарандарга жана томолой жетим балдардын камкорчуларына, бардыгы 45 жарандын ар бирине 5000 сомдон 225000 сом. | |
Буйрук №315-б 24.12.2025-ж. | 20,0 | 2025-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналып жаш өспүрүмдөр арасында өткөрүлүүчү шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоого 20000 сом. | |
Буйрук №316-б 24.12.2025-ж. | 17,8 | Балдардын кышкы каникул мезгилиндеги бош убактысын пайдалуу жана мазмундуу өткөрүүсүнө өбөлгө түзүү максатында 2026-жылдын 4-6-январь күндөрү “Каникулдун бир күнү китепканада” коомдук-маданий иш-чарасын өткөрүүгө 17800 сом. |
|
| |
| Бардык чыккан буйруктардын суммасы | 2973,2 |
|
0 |
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Нарын облусундагы ыйгарым
укуктуу өкүлү Н. Сатаров
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу
өукүлүнүн аппаратынын башкы бухгалтери Ж. Исмаилова