08 январь 2024
Кароолор: 605
Резервдик фонддун акча каражаттарын пайдалануу тууралуу маалымат
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунун каражаттарынын 2023-жыл ичинде сарпталышы боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу
өкүлүнүн резервдик фондунун 2023-жылы сарпталышы боюнча
МААЛЫМАТ
(миң сом)
№ | Буйруктун номери жана датасы | Сумма (миң сом) | Маалымат (кайда сарпталгандыгы жөнүндө) |
1 | 2 | 3 | 4 |
2023-жылдын 1-январына карата калдык | --- | Счет №28241100 2023-жылга 2973,2 миң сомго смета бекитилген. | |
2023-жылы резервдик фонд каржыланды: | 2973,2 | ||
Январь-2023-ж. | 247,8 | ||
Февраль-2023-ж. | 247,8 | ||
Март -2023-ж. | 247,8 | ||
Апрель-2023-ж. | 247,8 | ||
Май- 2023-ж. | 247,8 | ||
Июнь -2023-ж. | 247,8 | ||
Июль -2023-ж. | 247,8 | ||
Август -2023-ж. | 247,5 | ||
Сентябрь-2023-ж. | 247,8 | ||
Октябрь-2023-ж. | 247,8 | ||
Ноябрь-2023-ж. | 247,8 | ||
Декабрь-2023-ж. | 247,7 | ||
Сарпталышы: |
| ||
Буйрук №34-б 13.02.2023-ж. | 10,0 | 2023-жылдын 18-19-февраль күндөрү Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына карата Ооган согушунда курман болгон жоокер-интернационалисттерди эскерүү максатында өткөрүлүүчү эркектер командалары арасында өткөрүлүүчү спорттук волейбол оюну боюнча Нарын облусунун ачык биринчилигинин жеңүүчүлөрүн сыйлоого финансылык колдоо көрсөтүү үчүн 10000 сом. | |
Буйрук №54-б 06.03.2023-ж. | 20,0 | Нарын шаарынын Раззаков көчөсүндөгү №21/2-үйдүн тургуну, 2010-жылы 5-октябрда Элдик революция убагында жаракат алып, бир көзү агып, башына доо кеткен 1-топтогу майып Жолдошев Дамирге 20000 сом. | |
Буйрук №60-б 15.03.2023-ж. | 15,0 | - Нарын шаарынын Ж.Турусбеков көчөсүндөгү №9-үйдүн тургуну 2023-жылдын 17-февралында турак жайы толугу менен өрттөнүп кеткендиктен, жалгыз бой эне Бексултанова Чынарага материалдык жардам катары 10000 сом; - Нарын шаарынын Самансур-Ата көчөсүндөгү №22/9 үйдүн тургуну Кадыралиева Майрамкулгө 2-топтогу майып жолдошу Аманов Урмат эпилепсия оорусу менен ооругандыгына байланыштуу дары-дармегине материалдык жардам катары 5000 сом; Бардыгы 15000 сом. | |
Буйрук №62-б 17.05.2023-ж. | 5,0 | Нарын районундагы Казан-Куйган айылынын тургуну Саалаев Эркинбекке бала кезинен майып шал оорусу менен ооруган он сегиз жаштагы уулу Исламды кезектеги дарыланууга алып баруусуна 5000 сом. | |
Буйрук №62-б 17.05.2023-ж. | 55,0 | Нарын облусунда спорттун жаңы түрлөрүнүн массалуулугун арттыруу, өсүп-өнүгүшүнө түрткү берүү максатында 2023-жылдын 1-апрелинде өткөрүлгөнү жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогуна арналган спорттун таяк тартыш (мас-рестлинг) түрү боюнча Нарын облусунун 1-ачык биринчилигин уюштурууга финансылык колдоо көрсөтүү үчүн 55000 сом. | |
Буйрук №83-б 11.04.2023-ж. | 15,0 | - Нарын шаарынын Боогачы көчөсүндөгү №20/1-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып Нарынбаева Рысканга альвеококкоз дартынын айынан боорунун 50% алынса да жакшы боло албагандыктан, тез арада чет өлкөдө боорун алмаштыруу операциясын жасатуу зарыл болуп жаткандыгына байланыштуу материалдык жардам катары 10000 сом; - Нарын шаарынын Р.Заярко көчөсүндөгү №22/9 үйдүн тургуну Абдрахманова Рахатка 1994-жылдан бери муун оорулары менен ооругандыгынын кесепетинен эки буту тең ампутация болуп, кыймылсыз төшөктө жаткандыктан омуртка тутумдары ооруп, өпкөсү плеврит дартына чалдыкандыгына байланыштуу дары-дармегине материалдык жардам катары 5000сом; Бардыгы 15000 сом. | |
Буйрук №87-б 18.04.2023-ж. | 5,0 | Нарын районундагы Чет-Нура айыл аймагына караштуу Төш-Булак айылынын тургуну, мектеп жашындагы жети баланын энеси, жалгыз бой, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган Апышова Жыпаркүлгө 5000 сом. | |
Буйрук №88-б 20.04.2023-ж. | 10,0 | Жумгал районундагы Көк-Ой айылынын тургуну Асаналиев Автандилдин кайрылуусун канааттандырып, Жумгал районундагы Чаек айылынын Бабаев көчөсүндөгү №29-үйдүн тургуну, пенсионер, 1958-жылы туулган эжеси Асаналиева Насыркүл боор оорусунан жабыркап, Индия мамлекетинде боорун алмаштыруу операциясын жасатуусуна көп акча каражаты талап кылынып жаткандыктан 10000 сом. | |
Буйрук №89-б 24.04.2023-ж. | 205,4 | Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын 2023-жылдын 13-апрелиндеги №02-3/145 катын канааттандыруу максатында: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-июлундагы №78-р тескемесинин негизинде “Мектеп лигасы” долбоорунун 2-сезонунун жеңүүчүлөрүнүн 2023-жылдын 10-15-май күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү республикалык этапка катышуусун даярдап, ачылыш аземинде жана командалардын салтанаттуу парадында кийүүчү 83 комплект параддык кийимдер (спорттук форма) менен камсыз кылууга финансылык колдоо көрсөтүү үчүн 205400 сом. | |
Буйрук №98-б 03.05.2023-ж. | 1,8 | 1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өлкөбүздүн башкы мыйзамы болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алып, отуз жылдан бери негизги укуктук таянычыбыз болуп, элибизге демократиялык принциптер менен жашоого жол көрсөтүп келет. Ушул улуу күндү белгилөө менен мамлекетибиздин саясий, коомдук, экономикалык жана социалдык тармактарында көп жылдардан бери иштеп, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошкон, азыркы учурда Нарын облусунун аймагында жашап жаткан жарандарыбызга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын акыркы чыгарылышын алып тапшырууга 1800 сом. | |
Буйрук №99-б 03.05.2023-ж. | 54,0 | 9-Май Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата Нарын облусунун аймагында жашаган, Ата Мекендик согуштун убагында оорукта тыным албай иштөө менен кийин экономиканы калыбына келтирип өнүктүрүүгө да зор салым кошкон 18 эмгек ардагерлеринин ар бирине 3000 сомдон, бардыгы 54000 сом. | |
Буйрук №100-б 03.05.2023-ж. | 30,0 | 9-Май Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата Нарын облусунун аймагында жашаган, Ата Мекендик согушка катышып, ата-журтту коргоо менен кийин экономиканы калыбына келтирип өнүктүрүүгө да зор салым кошкон согуш ардагерлерине: - Керимкулов Тапага 10000 сом; - Жапаров Сатындыга 10000 сом; - Токтомушев Тукешке 10000 сом; Бардыгы 30000 сом. | |
Буйрук №102-б 10.05.2023-ж. | 10,0 | -Нарын районундагы Лахол айылынын тургуну, өз алдынча баса албаган 2-топтогу майып Абдыбеков Аскарбекке буттарына операция жасатуу зарыл болуп жаткандыгына байланыштуу материалдык жардам катары 5000 сом; -Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №8/37 үйдүн тургуну, 2-топтогу майып, аз камсыз үй-бүлө катары Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган Сыдыкова Мырзабүбүгө материалдык жардам катары 5000; Бардыгы 10000 сом. | |
Буйрук №120-б 01.06.2023-ж. | 10,0 | Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт айылынан чыккан таланттуу ырчы, улуттук колориттеги эстрада жанрын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон инсан, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Качкыналиев Уланбек Эшимбековичке мындан ары да чыгармачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү максатында 10000 сом. | |
Буйрук №121-б 01.06.2023-ж. | 5,0 | Жумгал районундагы Беш-Терек айылынын А.Дүйшөналиев көчөсүндөгү №17-үйдүн тургуну, үч балалуу жалгыз бой эне Сыдыкбаева Анаркүл мээсинде кан уюган “аневризм” оорусунан жабыркап, баш мээсине стенд койдуруу операциясын жасатуусу талап кылынып жаткандыктан 5000 сом. | |
Буйрук №127-б 01.06.2023-ж. | 21,0 | - Нарын шаарынын Райымбеков көчөсүндөгү №65-үйдүн тургуну, жалгыз бой беш балалуу эне, эки баласы мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки жарандар, аз камсыз үй-бүлө Баатырбекова Кларага 2000 сом; - Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №4/34-үйдүн тургуну, келини каза болгондон кийин төрт небересин багуусуна алган жалгыз бой пенсионер эне, аз камсыз үй-бүлө Арынаалиева Байышбүбүгө 2000 сом; - Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №17/19-үйдүн тургуну, жалгыз бой, аз камсыз үй-бүлө, онкологиялык оорусу боюнча дарыгердин көзөмөлүндө турган Абдыкеева Алимага 2000 сом; - Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №17/20-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып, жалгыз бой эне, аз камсыз үй-бүлө Берикбаева Токтобүбүгө 2000 сом; - Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №104/36-үйдүн тургуну, жолдошу 2-топтогу майып, жумушсуз, үч балалуу бой эне, аз камсыз үй-бүлө Боржиева Дамирага 2000 сом; - Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №154/19-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып, жумушсуз, жалгыз бой эне, аз камсыз үй-бүлө Туюкбаева Сайкалга 2000 сом; -Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылынын М.Омуракунов көчөсүндөгү №73-үйдүн убактылуу тургуну, аз камсыз үй-бүлө, эки баланын энеси, 2-топтогу майып Сатыбалдиева Бурулсунга жолдошу Мурзалиев Тойчубек да 2-топтогу майыптыкты алып, оор жумушка жарабай турмуш шарты начар болуп жаткандыктан материалдык жардам катары 4000 сом; -Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылынын тургуну, өздүк турак-жайы, малы жок аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган, эки балалуу, жолдошу жумушсуз, 2-топтогу майып Ишеналиев Нургазыга 2016-жылдан бери альвеококкоз дартынын айынан үч жолу операция болсо да жакшы боло албай оор жумушка жарабагандыктан, үзгүлтүксүз дарыгердин көзөмөлүндө болуп, кымбат дарыларды ичип туруу зарыл болгондуктан жана ден соолугуна байланыштуу Бишкек шаарында батирге акча төлөп жашоого туура келип жаткандыктан материалдык жардам катары 5000 сом. Бардыгы 21000 сом. | |
Буйрук №134-б 14.06.2023-ж. | 36,0 | 2023-жылдын 1-5-июнь күндөрү Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында өткөрүлгөн биринчи республикалык пара-спартакиадага Нарын облусунан 18 спортчу катышып, 4 алтын, 8 күмүш, 4 коло медалдарга татыктуу болушкандыктан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларыбызга материалдык колдоо көрсөтүү максатында ар бирине 2000 сомдон, барыгы 36000 сом. | |
Буйрук №142-б 20.06.2023-ж. | 30,0 | 2023-жылдын 23-25-июнь күндөрү Бишкек шаарында чоңдор арасында өткөрүлгөн жаткан хоккей оюну боюнча Кыргызстандын чемпионатынын жарым финалында ойноого укук алышкан Нарын облусунун чоңдор арасындагы эки командасынын спортчуларын материалдык колдоо максатында 30000 сом. | |
Буйрук №145-б 20.06.2023-ж. | 70,0 | Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын 2023-жылдын 22-июнундагы №221 катын канааттандыруу максатында: 2023-жылдын 28-29-июнь күндөрү Нарын шаарында өткөрүлүп жаткан Эл аралык “Кыргыз шырдагы-ХIII” фестивалынын алкагында улуттук оюндарга, спорттук иш-чараларга катышуучу спортчулардын келип-кетүү чыгымдарын материалдык колдоо максатында жана байге фондуна финансылык колдоо катары 70000 сом. | |
Буйрук №146-б 03.07.2023-ж. | 4,0 | Нарын шаарынын Качкынов көчөсүндөгү №5/7-үйдүн тургуну, 1-топтогу майып, күн алыс гемодиализ алгандыктан дайыма дарыланып турууга муктаж Мойдиева Нургүлгө 4000 сом. | |
Буйрук №149-б 05.07.2023-ж. | 5,0 | Нарын районундагы Ак-Кудук айылынын тургуну, Айылдык кеңештин депутаты Бошкоева Айжандын 2023-жылдын 21-июнундагы кайрылуусун канааттандырып, Нарын районундагы Ак-Кудук айылынын тургуну, 1993-жылы туулган иниси Медербек уулу Максатбек 2019-жылы курулуш жумуштарында иштеп жүргөн убагында экинчи кабаттан кулап моюн сөөгү сынып, жүлүнү жабыркагандыктан, операция жасалса да кыймылсыз абалда калып, азыркы учурда Индия мамлекетинде кайра операция жасатуусуна көп акча каражаты талап кылынып жаткандыктан 5000 сом. | |
Буйрук №155-б 17.07.2023-ж. | 20,0 | 2023-жылдын 26-29-июль күндөрү Жалал-Абад шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген мамлекеттерде жашаган Ооган согушунун ардагерлеринин арасында өткөрүлүүчү спорттук волейбол оюну боюнча эл аралык турнирге Нарын облусунун атынан катышуучу он ооган согушунун ардагерлерине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн 20000 сом. | |
Буйрук №155-б 17.07.2023-ж. | 80,0 | -Жумгал районунун Мин-Куш айылындагы Акмат уулу Эдил көчөсүндөгү №20/41-үйдүн тургуну, жолдошу каза болгон жалгыз бой эне Мусуева Бурулчага эки уулу кайтыш болуп, жардамга муктаж болуп жаткандыктан 15000 сом; -Жумгал районунун Мин-Куш айылындагы Акмат уулу Эдил көчөсүндөгү №14-үйдүн 1-2 квартирасынын тургуну, жалгыз бой беш балалуу эне Мамытбекова Тынарага уулунун башында киста пайда болуп, тезинен дарылатууга муктаж болуп жаткандыктан 15000 сом; -Жумгал районунун Мин-Куш айылындагы Пионерская көчөсүндөгү №3/2-үйдүн тургуну, ден соолугуна байланыштуу жардам сураган Мадимарова Чынарга 15000 сом; -Жумгал районунун Мин-Куш айылындагы Мин-Куш көчөсүндөгү №18“а”-үйдүн тургуну, аз камсыз үй-бүлө Суюмбаева Бурулга 15000 сом; -Жумгал районунун Мин-Куш айылындагы Тастар-Ата көчөсүндөгү №19/1-үйдүн тургуну, онкологиялык оорусу боюнча дарыгердин көзөмөлүндө турган Сейитова Нургүлгө 20000 сом; Бардыгы 80000 сом. | |
Буйрук №155-б 17.07.2023-ж. | 35,0 | -Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №17/60-үйдүн тургуну, 1-топтогу майып Эгимбаева Какенге автоавариянын кесепетинен жүлүнүнө, нерв системасына доо кеткендиктен коляскада олтурган абалда кол күрөш, кол менен оордук көтөрүү боюнча республикалык паралампиадада алдыңкы орундарды алган үчүн 2023-жылдын 25-августунан 2-сентябрына чейин Алма-Ата шаарында өтө турган пара-армрестлинг (кол күрөш) боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышканы жаткандыгына байланыштуу финансылык колдоо максатында 20000 сом; -Нарын шаарынын Чечейбаева көчөсүндөгү №3-үйдүн убактылуу тургуну, беш балалуу эне Жолдошбекова Аселге оң көзү көрбөй калгандыктан тез арада Россия же Түркия мамлекетинде операция жасатыш зарыл болуп, жолдошу автоавариянын айынан жумушка жараксыз болуп иштей алба жаткандыктан материалдык колдоо максатында 15000 сом; Бардыгы 35000 сом. | |
Буйрук №162-б 03.08.2023-ж. | 30,0 | - Нарын шаарынын Р.Заярко көчөсүндөгү №3/3-үйдүн убактылуу тургуну, үч балалуу эне Майрамбек кызы Нурзадага өзү бала кезинен эпилепсия менен ооруп иштебей, жолдошу да ден соолугуна байланыштуу иштей албагандыктан жашоо шарттары аябай оор болуп жаткандыгын эске алып, ортончу кызы төрөлгөндөн тартып шал оорусу, эпилепсия менен ооругандыктан үчөө тең дайыма дарыланып турууга муктаж болгондуктан материалдык жардам катары 20000 сом; - Нарын шаарынын А.Тургуналы көчөсүндөгү №22-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып, багууда үч баласы бар, жолдошу экөө тең ден соолуктарына байланыштуу иштей албагандыктан жашоо шарттары аябай оор болуп жаткан +мүркулов Бакытбекке материалдык жардам катары 10000 сом. Бардыгы 30000 сом. | |
Буйрук №163-б 04.08.2023-ж. | 69,0 | -Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №154/2-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып, багар адамы жок сексен үч жаштагы жалгыз бой кары Айтбаев Алтымышка көп жылдардан бери бөйрөк, жүрөк кан тамырлары ооруларынан жабыркап келе жаткандыктан кезектеги дарылануусуна материалдык жардам катары 4000 сом; -Нарын шаарынын Ч.+мүрзаков көчөсүндөгү №6-үйдүн убактылуу тургуну, өздүк турак-жайы жок, жолдошу каза болуп калган алты балалуу эне, үч небересинин камкорчусу, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган Жумабекова Берметке 5000 сом; -Нарын шаарынын Саадабай Сырдыбаев көчөсүндөгү №15-үйдүн тургуну, жалгыз бой, аз камсыз үй-бүлө, 2-топтогу майып Андакулов Азаматка мээсиндеги шишиктин айынан неврологиялык оорусу күчөп, төшөктө жатып калган энеси Кудуева Айнагүлдү өзү жалгыз багып жаткандыктан 10000 сом; - Нарын шаарынын Ысык-Көл көчөсүндөгү №18-үйдүн тургуну, ипотека аркылуу алган үйү үчүн ай сайын чоң суммадагы акча төлөп тургандыктан акчага муктаж төрт балалуу жалгыз бой эне, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган Сыдыкова Фатимага уулу Токтосунов Эрландын бөйрөгүндөгү кистасын алдыруу үчүн операция жасаттыруусуна материалдык жардам катары 10000 сом; -Нарын шаарынын Б.Бейшеналиева көчөсүндөгү №71-үйдүн убактылуу тургуну, үч балалуу жалгыз бой эне, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аз камсыз катары каттоодо турган Дүйшөбай кызы Нурзадага 10000 сом; -Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №38-үйдүн тургуну, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аз камсыз катары каттоодо турган үч балалуу жалгыз бой эне Усубалиева Саадатка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2008-жылы туулган кызы Сезимди дарылатууга 10000 сом; -Нарын шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндөгү №21/10-үйдүн убактылуу тургуну, үч балалуу эне, жолдошу Памири Салахудин Афган Республикасынын Кичи Памир өрөөнүнөн келген жумушсуз, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аз камсыз катары каттоодо турган Токтогожоева Гүландага 10000 сом; -Нарын шаарынын Ынтымак көчөсүндөгү номери жок үйдүн убактылуу тургуну, жети балалуу Баатыр эне, жолдошунун туруктуу жумушу жок, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аз камсыз катары каттоодо турган Карымшакова Сыргага 10000 сом; Бардыгы 69000 сом. | |
Буйрук №164-б 07.08.2023-ж. | 40,0 | - Нарын районунун Жылан-Арык айылынын тургуну Бейшемамбет уулу Талантбекке 2016-жылы туулган кызы Талантбекова Асенат төрөлгөндөн бери көздүн торчолорунун ажырап кетүүсү менен коштолгон катаракта оорусу менен жабыркап келет, азыркы учурда операция жасатуусу талап кылынып жаткандыктан материалдык жардам катары 10000 сом; - Нарын шаарынын А.Жусупов көчөсүндөгү №16-үйдүн тургуну, Абыкеева Нурзатка уулу Жумадилов Уландын журөгү ооругандыктан жумушка жараксыз, азыркы учурда оорусу күчөп жаткандыктан Бишкек шаарына барып “Юрфа” медициналык борборуна томографияга тарттырып келүүсүнө материалдык жардам катары 10000 сом; - Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургуну Чыпаева Элвирага кызы Кылычбекова Айзада 2023-жылдын 6-августунда Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” балдар эс алуучу жайында көлгө чөгүп каза болгондуктан материалдык жардам катары 20000 сом. Бардыгы 40000 сом. | |
Буйрук №166-б 11.08.2023-ж. | 55,0 | - Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №114/15 үйдүн тургуну, эки балалуу жалгыз бой эне, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аз камсыз катары каттоодо турган Шалтабаева Насипага 5000 сом; - Нарын районунун Эчки-Башы айылынын тургуну, Бакалов Кыдыкка 2020-жылы туулган кызы Казыбекова Канайым бутунан тубаса сынык (псевдоартроз) оорусу менен жабыркап келет, буга чейин эки операция жасатылган, азыркы учурда үчүнчү операциясын жасатуусу талап кылынып жаткандыктан материалдык жардам катары 15000 сом; - Ак-Талаа районунун Жогорку Май айылынын тургуну, 1-топтогу майып Кыдыршаев Бейшенбекке 2010-жылы туулган кызы Бейшенбекова Рахима 1-типтеги кант диабет оорусу менен жабыркайт, азыркы учурда канттын көлөмү 12ден 30ммоль/л өлчөмүндө көбөйүп кеткендиктен Бишкек шаарына барып дарылануусуна материалдык жардам катары 15000 сом; - Нарын районунун Казан- Куйган айылынын тургуну, пара-армрестлинг (кол күрөш) боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону, бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелген Сүйөркул уулу Нурсултанга пара-армрестлинг боюнча республикалык паралимпиадада алдыңкы орундарды алган үчүн 2023-жылдын 24-августунан 3-сентябрына чейин Алма-Ата шаарында өтө турган пара-армрестлинг боюнча дүйнөлүк биринчилигине катышканы жаткандыгына байланыштуу финансылык колдоо максатында 20000 сом. Бардыгы 55000 сом. | |
Буйрук №167-б 14.08.2023-ж. | 6,6 | Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын белгилөө максатында жана Кыргыз Республикасынын коомдук саясий ишмерлери А.Масалиев менен К.Базарбаевдердин 90 жылдыктарына, Н.Исановдун 80 жылдыгына карата 2023-жылдын 26-августунан 31-августуна чейин Нарын шаарында өткөрүлгөнү жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогуна арналган мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринен түзүлгөн командалардын арасындагы мелдештин жеңүүчүлөрүнө тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогун алууга 6600 сом. | |
Буйрук №172-б 25.08.2023-ж. | 5,0 | Нарын шаарынын Ак-Шоола көчөсүндөгү №46-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып Корчиева Сулайкага 5000 сом. | |
Буйрук №173-б 28.08.2023-ж. | 50,0 | 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата Ош шаарында өтүүчү көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган спорттук иш-чараларга Нарын облусунун атынан катышуучу спортчуларыбызга финансылык колдоо көрсөтүү үчүн 50000 сом. | |
Буйрук №177-б 05.09.2023-ж. | 5,0 | Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №17/58-үйдүн тургуну, 7-апрель Элдик революциясынын Баатыры, 2-топтогу майып, жолдошу каза болгондон кийин уулу, неберелери менен бир бөлмөлүү үйдө жашап жаткан аз камсыз Сагындыкова Сыйнагүлгө боордун эхинококкоз оорусунан жабыркап, эки жолу операция жасаткандан кийин үзгүлтүксүз дарыланып турууга муктаж болуп жаткандыктан 5000 сом. | |
Буйрук №182-б 14.09.2023-ж. | 50,0 | Нарын шаардык мэриясынын 2023-жылдын 12-сентябрындагы №01-17/3077 катын канааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын”, “Улуттук нарк” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2023-жылдын 15-сентябрында Нарын шаарынын 155 жылдыгына карата “Нукура” фестивалынын алкагында өткөрүлчү улуттук спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүн сыйлап, финансылык колдоо катары 50000 сом. | |
Буйрук №186-б 19.09.2023-ж. | 300,0 | Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 19-сентябрындагы №01-7/2849 катын канааттандыруу максатында, 2023-жылдын октябрь айынын биринчи декадасында Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагында республикалык деңгээлде өткөрүлгөнү жаткан Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесине арналган улуттук ат оюндарында жеңип чыккан спортчуларды сыйлоону финансылык колдоо катары 300000 сом. | |
Буйрук №187-б 19.09.2023-ж. | 120,0 | Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын 2023-жылдын 18-сентябрындагы №303 катын канааттандыруу максатында, 2023-жылдын 2-октябрында Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагында республикалык деңгээлде өткөрүлгөнү жаткан Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесинде маданий-массалык иш-чаралардын катарында Улуттук спорттук оюндарды уюштуруу менен спортчулардын байге фондуна финансылык колдоо катары 120000 сом. | |
Буйрук №189-б 25.09.2023-ж. | 90,0 | Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын 2023-жылдын 25-сентябрындагы №310 катын канааттандыруу максатында 2023-жылдын 30-сентябрында Нарын шаарындагы “Газпром балдарга” спорт комплексинде Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгына карата өткөрүлгөнү жаткан Муай Тай (ОХО) спорттук турнирин уюштурууну финансылык колдоо катары 90000 сом. | |
Буйрук №191-б 26.09.2023-ж. | 90,0 | Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык 1-октябрь Карылар күнүнө карата Нарын облусундагы 100 жаштан жогору болгон 18 улгайган кары адамдарды материалдык колдоо максатында ар бирине 5000 сомдон, бардыгы 90000 сом. | |
Буйрук №192-б 26.09.2023-ж. | 70,0 | - Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Акмат уулу Эдил көчөсүндөгү №20/4-үйдүн тургуну, жолдошу каза болгондон кийин үч кызы менен жашаган эне Мусуева Бурулчага бир уулу жүрөк оорудан, экинчи уулу бөйрөк оорудан каза болушуп, азыркы учурда бөйрөк оорусунан жабыркап, гемодиализдин жардамы менен жашап жаткан кызы Бексултанова Ринаны Турция мамлекетинде операция жасатууга даярдап жатышкандыгына байланыштуу материалдык жардам катары 20000 сом; - Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү №4/52-үйдүн тургуну, үч мүмкүнчүлүгү чектелген бир туугандарына камкорчулук милдетин алган жалгыз бой бир балалуу эне Кубатбекова Жылдызга үстүбүздөгү жылдын февраль айында үй-бүлөсү менен чогуу жол кырсыгынан жабыркап, жаагы сынып, тиши күбүлүп, мээсине доо кеткендиктен, жасалган операциядан кийин да үзгүлтүксүз дарыланууга муктаж болуп жаткандыктан материалдык жардам катары 10000 сом; - Нарын шаарынын Чаначев көчөсүндөгү барак тибиндеги №10/5-үйдүн тургуну, жумушсуз, беш балалуу эне Кожомкулова Нарынкүлгө жашап жаткан үйү кошунасынын үйүнөн башталган өрт кырсыгынан улам үй оокаттары менен кошо толук өрттөнүп кеткендиктен курулуш материалдарын алууга материалдык жардам катары 20000 сом; - Нарын шаарынын Чаначев көчөсүндөгү барак тибиндеги №10/2-үйдүн тургуну, жолдошу жумушсуз, пенсионер, төрт балалуу эне Ассакунова Эльмирага жашап жаткан үйү кошуна үйлөрдөн башталган өрт кырсыгынан улам чатыры кулап түшүп, дубалдары жараксыз абалга келгендиктен, курулуш материалдарын алууга материалдык жардам катары 20000 сом. Бардыгы 70000 сом | |
Буйрук №199-б 09.10.2023-ж. | 25,0 | 1. 2023-жылдын 21-октябрынан 4-ноябрына чейин спорттун бокс түрү боюнча Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөрүлүүчү өспүрүм балдар жана кыздар арасындагы Азия биринчилигине катышканы жаткан Нарын райондук балдар-уландар спорт мектебинин тарбиялануучусу Карыбакунова Саламатка финансылык колдоо катары 10000 (он миң) сом акча каражаты Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан бөлүнүп берилсин. 2. 2023-жылдын 14-22-ноябрь күндөрү Америка Кошмо Штаттарынын Техас штатындагы Форт-Уотч шаарында өтүүчү “Ушу боюнча 2023-жылдын XVI Дүйнөлүк чемпионатына” катышууга жолдомо алган саньшоу (саньда) боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери Сулайманкул уулу Туратбекке финансылык колдоо катары 15000 (он беш миң) сом акча каражаты Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан бөлүнүп берилсин. | |
Буйрук №210-б 18.10.2023-ж. | 80,0 | - Нарын шаарынын Чаначев көчөсүндөгү барак тибиндеги №10/4-үйдүн тургуну, эки балалуу жалгыз бой эне, кичүү кызы эпилепсия менен ооругандыгына байланыштуу аны карап жумушсуз Кайып кызы Жылдызга апасы менен чогуу жашап жаткан үйү кырсыктан улам 2023-жылдын 10-сентябрында үй оокаттары менен кошо толук өрттөнүп кеткендиктен батирге чыгып жашоого мажбур болуп, азыркы учурда жардамга аябай муктаж болуп жаткандыктан, материалдык жардам катары 20000 сом; - Нарын шаарынын Чаначев көчөсүндөгү барак тибиндеги №10/1-үйдүн тургуну, колунда үч небересин багып жаткан жалгыз бой эне Тентимишова Жеңишкүлгө жашап жаткан үйү 2023-жылдын 10-сентябрында кошуна үйлөрдөн башталган өрт кырсыгынан улам чатыры күйүп, өрт өчүрүү убагында үйүнө суу аккандыктан, азыркы учурда короосундагы складда жашап жаткандыктан, оңдоо иштерине курулуш материалдарын алууга материалдык жардам катары 20000 сом; - Нарын шаарынын Чаначев көчөсүндөгү барак тибиндеги №7/1-үйдүн тургуну, төрт балалуу үй-бүлө, учурда жумушсуз Эсенакунов Асылбекке мурда 2019-жылдын 18-ноябрында жаңы эле толук оңдоодон өткөн үйү кырсыктан улам үй оокаттары менен толук өрттөнүп кетип, учурда банктан чоң суммадагы кредит алып үй салып жаткандыктан жардамга муктаж болуп, азыркы убакта баш калкалап жашап жаткан үйү 2023-жылдын 10-сентябрында кошуна үйлөрдөн башталган өрт кырсыгынан улам чатыры күйүп, өрт өчүрүү убагында үйүнө суу аккандыктан, оңдоо иштерине курулуш материалдарын алууга материалдык жардам катары 20000 сом; - Нарын шаарынын Жаштык көчөсүндөгү №1-үйдүн тургуну, жалгыз бой кары адам, мугалимдик кесипте элүү жылдан ашык эмгектенген Эл агартуунун отличниги, бир нече китептердин автору, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган Ашыралиев Төлөгөнгө учурда жүрөк- кан тамыр ооруларынан, гипертониядан, аллергиядан, ички органдардын ооруларынан жабыркап, бутундагы жаракатынан улам тромб болуп кан уюп калып жаткандыктан жана көзүнүн көрүүсү начарлагандыктан тынымсыз кымбат дарылар менен дарыланууга муктаж болгондуктан материалдык жардам катары 20000 сом. Бардыгы 80000 сом. | |
Буйрук №226-б 30.10.2023-ж. | 70,0 | 2023-жылдын 30-31-октябрында Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кужур өрөөнүндө райондор аралык Көк бөрү оюну Нарын райондук Көк бөрү федерациясы жана аталган аймактын жаштары тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөнү жаткандыктан, спортчулардын байге фондуна финансылык колдоо катары 70000 сом. | |
Буйрук №228-б 31.10.2023-ж. | 20,0 | Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылынын Н.Жыргалбекова атындагы мектебинин 4-классынын окуучусу Жайлообаев Жанарбек Урматбекович Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун наамына кайрылып, атасы Жайлообай уулу Урматбек 3-топтогу майып экенин, 2014-жылы туулган иниси Урматбеков Адил мүмкүнчүлүгү чектелип оорукчан экенин, апасы Мусаева Кыял алты баласын карап иштей албасын, үй жумуштарынын баарын колу менен жасагандыктан турмуш-тиричилик буюмдарына аябай муктаж экендигин жазып жардам сурагандыктан жана Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы аталган үй-бүлө аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турушары жана жардамга муктаж экендиги боюнча маалымат беришкендиктен 20000 сом. | |
Буйрук №234-б 03.11.2023-ж. | 15,0 | Жумгал районундагы Чаек айылынын А.Акматов көчөсүндөгү №43-үйдүн тургуну, үч балалуу жалгыз бой эне Жантаева Саламатка 2007-жылы туулган кызы Эркинбекова Фатима, 2022-жылы туулган эгиз кыздары Талгартова Амина менен Амиралар баары тең ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип ооругандыгына байланыштуу дайыма дарылатып турууга муктаж болгондуктан, материалдык жардам катары 15000 сом. | |
Буйрук №241-б 14.11.2023-ж. | 60,0 | 10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк Жаштар күнүнө жана 17-ноябрь Студенттердин Эл аралык күнүнө карата 2023-жылдын 16-ноябрында жаштарды сергек жашоого үндөө жана спортко кызыгууларын арттыруу максатында Нарын шаарындагы С.Бекманбетов атындагы спорт мектебинде жаштар жана студенттер арасында облустук деңгээлде өткөрүлгөнү жаткан шахмат, теннис, таяк тартыш, кол күрөш боюнча спорттук оюндарда жеңип чыккан спортчуларды сыйлоого 60000 сом. | |
Буйрук №243-б 16.11.2023-ж. | 20,0 | 9-декабрь Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогуна арналган Бильярд оюну боюнча Нарын облусунун ачык биринчилигин уюштуруп өткөрүүгө жана байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоого 20000 сом. | |
Буйрук №244-б 16.11.2023-ж. | 20,0 | Жумгал районундагы Байзак айылынын тургуну, 2-топтогу майып, жалгыз бой Токтосунов Иманкулга жашап жаткан үйү жараксыз абалга келип, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен өзү оңдой албай жардамга муктаж болгондуктан, дары-дермек, азык-түлүк, көмүргө да муктаж болуп жаткандыктан, материалдык жардам катары 20000 сом. | |
Буйрук №245-б 16.11.2023-ж. | 32,0 | -Нарын шаарынын Шералиев көчөсүндөгү №110-үйдүн тургуну, 3-топтогу майып, эки балалуу эне, Кыдырбаева Мединага жолдошу Жүдөмүшов Эркинбек да 3-топтогу майып, экөө тең иштебей Нарын райондук социалдык фонд башкармалыгында аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо тургандыктан материалдык жардам катары 3000 сом; -Нарын шаарынын С.Сырдыбаев көчөсүндөгү №30-үйдүн тургуну, 2-топтогу майып, Нарын райондук социалдык фонд башкармалыгында аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган Чолуков Токтогулга жолдошу Курманова Гүлбүбү да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катары каттоодо тургандыктан материалдык жардам катары 3000 сом; -Кочкор районундагы Кочкор айылынын Болот Жусупбеков көчөсүндөгү №60-үйдүн тургуну, беш балалуу жалгыз бой эне Кичинебатырова Нуризага жолдошу каза болуп, өзү ден соолугуна байланыштуу иштей албагандыктан, учурда дары-дермек, азык-түлүк, көмүргө муктаж болуп жаткандыктан, материалдык жардам катары 6000 сом; -Жумгал районундагы Чаек айылындагы Р.Абдиева көчөсүндөгү №123-үйдүн тургуну, баатыр эне, онкологиялык оорулуу пенсионер Муратова Эрке Карыбековнага ай сайын Бишкек шаарына барып, химиялык терапия курсун алып жаткандыктан, кезектеги дарылануусуна материалдык жардам катары 20000 сом. Бардыгы 32000 сом. | |
Буйрук №251-б 27.11.2023-ж. | 180,0 | Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Кыргыз Республикасындагы балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык 3-декабрь майыптардын эл аралык күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен иш алып барып жаткан 18 уюмдун ар бирине 10000 сомдон эң муктаж болгон мүчөлөрүнө материалдык жардам катары берүүсү үчүн бардыгы 180000 сом. | |
Буйрук №252-б 27.11.2023-ж. | 20,0 | Нарын шаарынын Мусурманкулов көчөсүндөгү №3Д-үйдүн тургуну, 1982-жылы туулган, беш баланын энеси Ибраева Эльзада 2023-жылдын 21-ноябрында жол кырсыгынан каза болгондугуна байланыштуу жолдошу Ырсалы уулу Жыргалбекке өзү жумушсуз, мектеп жашындагы жана багуудагы балдары болгондуктан Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо тургандыгын, үй-бүлөнүн муктаждыгын жана учурдагы оор шартын эске алып, 20000 сом. | |
Буйрук №257-б 30.11.2023-ж. | 26,0 | Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Кыргыз Республикасындагы балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык 3-декабрь майыптардын эл аралык күнүнө карата жардам сурап кайрылган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген төмөнкү жарандарга: 1). Эгимбаева Какенге 2000 сом; 2). Жыргалбеков Алмирге2000 сом; 3). Берикбаева Токтобүбүгө 2000 сом; 4). Бекмуратов Жеңишбекке 2000 сом; 5). Актанова Шарапатка 2000 сом; 6). Аманов Урматка 2000 сом; 7). +мүралиев Майрамбекке 2000 сом; 8). Шербото уулу Темирге 2000 сом; 9). Усупбеков Медерге 2000 сом; 10). Асыранова Бурулга баласы Байзаков Советбек үчүн 2000 сом; 11). Жолдошов Мирланга 2000 сом; 12). Кыдыралиева Майрамкүлгө жолдошу Аманов Урмат үчүн 2000 сом; 13). Дүйшеева Гүлназга 2000 сом. Бардыгы 26000 сом. | |
Буйрук №258-б 30.11.2023-ж. | 8,0 | Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Кыргыз Республикасындагы балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен активдүү иш алып барып жаткан, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздарга тигүүчүлүк өнөрдү үйрөтүү максатында тигүү машинасын сатып алганы жаткан Нарын шаарындагы “Кадам” ребилитациялык борборуна (жетекчиси Актанова Шарапат) материалдык жардам катары 8000 сом. | |
Буйрук №260-б 05.12.2023-ж. | 12,0 | 2024-жылы Казакстан Республикасында өткөрүлө турган “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына” спорттун “Ат үстүндөгү күрөш” түрү боюнча турнирге катышууга даярданып жатышкан эл аралык даражадагы спорттун чеберлери Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну Турдубеков Жекшенге жана Нарын районундагы Жалгыз-Терек айылынын тургуну Райхан уулу Бактыгулга спорттук витаминдерди алып турнирге даярдануусун финансылык колдоо катары 12000 сом. | |
Буйрук №262-б 06.12.2023-ж. | 30,0 | 8-декабрь - Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 65 жылдыгын жана Нарын телерадиокомпаниясынын 30 жылдыгын белгилөө максатында Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен биргеликте журналисттер арасында спорттук иш-чара уюштуруп өткөрүүгө жана байгелүү орундарды ээлеген командаларды сыйлоого 30000 сом. | |
Буйрук №267-б 13.12.2023-ж. | 455,0 | 2024- Жаңы жылды тосууга арналган иш-чаралардын алкагында 2023-жылдын 6-декабрында Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу академиялык драма театрында облустук деңгээлдеги салтанатка катышуучу ата-энеси каза болгон балдарды жана аз камсыз, турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдүн балдарын материалдык колдоо максатында, жалпы 350 баланын ар бирине 1300 сомдук белектерди даярдоого 455000 сом. | |
Буйрук №283-б 25.12.2023-ж. | 167,4 | Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында өткөрүлүп келе жаткан республикалык салттуу достук “Мурас” турнирин жер-жерлерге жайылтуу максатында өткөрүлгөнү жаткан “Мурас аймак” спорттук иш-чарасын уюштуруп өткөрүүгө жана байгелүү орундарды ээлеген командаларды сыйлоого 167400 сом. |
Бардык чыккан буйруктардын суммасы | 2973,2 |
|
2024-жылдын 1-январына карата калдык | 0,00 |
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Нарын облусундагы ыйгарым
укуктуу өкүлү А. Эргешов
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу
өкүлүнүн аппаратынын башкы бухгалтери Ж. Исмаилова