23 октябрь 2023

Кароолор: 22

Нарын облусундагы негизги социалдык-экономикалык тармактар

Экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу

Нарын облусу уникалдуу жаратылыш ресурстарына ээ. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жалпы аянты 138,3 миң га, токойлор 92,8 миң га. Аймакта уникалдуу экосистемалык комплекстер сакталып калган.

Экосистеманын абалын "канааттандырарлык" деп баалоого болот. Башкача айтканда, сезимтал экосистемаларга тоолуу токой (айрыкча Жайылма) жана шалбаа жамааттары, ошондой эле бийик тоолуу альп/субальп жана шалбаа талаалары кирет.

Облуста төмөнкүдөй өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары (ӨКЖА) түзүлгөн: Нарын мамлекеттик коругу. Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу, Соң-Көл көлү, "Салкын-Төр" мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы.

Нарын облусунун аймагы олуттуу экологиялык тобокелдиктерге дуушар болууда, алардын ичинен кыйла олуттуусу кыртыштын эрозиясы жана жайыттардын деградациясы, суу ресурстарынын булганышы, флора менен фаунанын сейрек түрлөрүнүн жок болуу тобокелдиктери болуп саналат. Тоо-кен тармагында жаратылышты коргоо боюнча адекваттуу чаралардын жоктугу, саркынды сууларды тазалоо, өнөр жай жана шаардык калдыктарды утилдештирүү көйгөйлөрү да маанилүү болуп саналат.