23 октябрь 2023

Кароолор: 24

Нарын облусундагы негизги социалдык-экономикалык тармактар

Ичүүчү таза суу менен камсыз болуу

Нарын районундагы 135 айылдын 83 айылында таза суу түтүктөрү калыбына келтирилген. 24 айылда суу түтүктөрү бар, бирок ичүүчү суу тутумдары эскиргендиктен реабилитациялоону талап кылат. Ал эми калган 21 айылда таза суу түтүктөрү таптакыр жок болчу.

2022-жылдан тартып Азия өнүктүрүү банкынын каржылоо долбоору 43 айылдын суу системасын реабилитациялоону пландаштырууда, анын ичинен 28 айыл биринчи этапка, 15 айыл экинчи этапка киргизилген. Долбоордун жалпы баасы 30,0 млн АКШ долларын түзөт. Учурда бул долбоорго кеңешчи тандоо процесси жүрүп жатат.

Биринчи этапта бул долбоор тарабынан каржыланган объектилердин тизмесине Нарын районунун Жалгыз-Терек, Жерге-Тал, Куланак, Учкун, Жан-Булак, Орто-Саз, Ак-Кыя, Орук-Там, Төш-Булак айылдары, областы, Ат-Башы районунун Ак-Жар, Ат-Башы айылдары жана Ак-Талаа районунан Баетов, Кайыңды-Булак айылдары кирди.

Экинчи этапка төмөнкү айылдар киришти: Кичи-Арал, Арал, Чаек, Беш-Терек, Сары-Булуң, Кең-Суу, Котур-Суу, Табылга, Кызыл-Сөөк, Молдо-Кылыч, Кочкор, Кара-Тоо, Исакеев, Жерге- Тал, Жаны-Тилек.

Милдеттери:

  • айыл аймактарын, айылдарды суу менен камсыздоо боюнча башталган долбоорлорду аяктоо
  • Райондун 43 айыл аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда каржылык маселелерди чечүү, жалпы суммасы 1 млрд 300 млн 790,4 миң сом.
  • Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык лабораторияларын, суу чарбаларын, тазалоочу курулуштарды техникалык жактан да, профессионалдык жактан да чыңдоону демилгелөө;
  • ЕӨБ долбоорунун алкагында Нарын шаарынын айылдарынын жана анын айланасындагы суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реконструкциялоону ишке ашыруу;
  • АӨБ долбоорунун алкагында Нарын шаарында жаңы тазалоочу курулмаларды куруу;
  • ЖӨБ органдарына жана ИСККБга калктын сууга жетүүсү жана тийиштүү санитардык шарттары боюнча функционалдык милдеттери жана жоопкерчиликтери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • «Татыктуу санитардык шарттар – ар бир мектепте» аймактык программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • Суу алуучу жана суу булактарынын санитардык коргоо зоналарын калыбына келтирүү.