23 октябрь 2023

Кароолор: 26

Нарын облусундагы негизги социалдык-экономикалык тармактар

Нарын облусунун айыл чарбасы тууралуу маалымат

Экономиканын агро өнөр-жай сектору облустун азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, калкты иш менен камсыз кылууда жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүдө негизги тармак болуп саналат.

Айыл чарбасы Нарын облусунун экономикасынын негизги тармагы болуп, бардык региондук дүң продукциянын үчтөн биринен көбүн камсыз кылат. Республиканын айыл чарба дүң продукциясынын 6,6%ын Нарын облусу берет. 

Нарын облусунда мал чарбасы өзүнүн тарыхый багытын (кой чарбасы, бодо мал жана жылкы чарбасы) сактап, айыл чарбасынын 2/3 бөлүгүн ээлейт. Жаратылыш-климаттык ынгайлуу шарттар, кɵп сандаган жайыттар районду уяң жүн жана койдун этин өндүрүүгө адистештирүүгө мүмкүндүк берди. 2023-жылдын 1-январына карата бодо малдын саны 207 043 баш, кой-эчкилер 1 127 887 баш, жылкылар 142 493 баш болду. Малдын санынын динамикасын талдоо көрсөткөндөй, акыркы жылдары малдын саны өсүүдө: 2022-жылы бодо малдын, кой, эчки жана жылкынын саны 2021-жылга салыштырмалуу 2,7%га өскөн.

Айыл чарбасы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жакырчылыкты кыскартуу маселесин чечүүдө эбегейсиз зор потенциалга ээ, ошондуктан аймактын экономикасын өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.

Нарын облусуна Кыргыз Республикасынын жайыттарынын үчтөн бир бөлүгү туура келет. Айыл чарба жерлеринин жалпы аянты 2 780 453 га. Анын ичинен: 121 миң гектар айдоо, 120 миң 100 гектар сугат жер, 200 гектар көп жылдык плантация, 9400 гектар кайрак, 12500 миң гектар чабынды, 2638 миң гектар жайыт. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана көп жылдык көчөттөрдүн айдоо аянты 111 миң 428 гектарды түзөт. Алар: дан эгиндери – 25060 га, буудай – 6000 га, арпа – 19000 га.

Айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшүнүн түзүмү: өсүмдүк өстүрүү 25,5%, мал чарбасы -72,5%. 2022-жылы жеке ишканалар менен бирге 43 277 фермердик жана дыйкан чарбалары катталган. Жылдан-жылга малдын, айрыкча кой, жылкы, бодо малдын саны өсүүдө.

2022-жылдын январь-декабрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 24683,6 млн сомду түздү же 2021-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102,3%ды түздү. Нарын облусу мал чарбачылыгына адистешкен.

Аянты 747,4 миң гектарды түзгөн бийик толуу жайыттары топозду багуу үчүн абдан натыйжалуу. Жайыттардын тоюттук сыйымдуулугу, баалуу жана ар түрдүү продуктыларды: эт, сүт, тери, жүн, эт жана сөөк унун, ошондой эле медициналык максатта баалуу эндокриндик органдарды камсыз кылган 25 миңге жакын баш топозду кармоого мүмкүндүк берет. 

2017-жылы мамлекеттик статуска ээ болгон асыл тукум чарбалардын саны 20 болсо, 4 жылдын ичинде, башкача айтканда, 2022-жылы асыл тукум чарбалардын саны 33кө жеткен. Бул малдын санына эмес, сапатына жылдан-жылга көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын айгинелейт, башкача айтканда сандан сапатка өтүү принциби акыркы мезгилде райондун дыйкандары тарабынан активдүү колдоого алынууда. Бул чарбаларда учурда 8431 баш кой, 513 баш жылкы, 975 баш уй, 400 баш топоз бар. 

Региондо малдын санынын көбөйүшү менен айыл аймактарда ветеринардык пункттарды уюштурууга да жыл сайын өзгөчө көңүл бурулууда. Алсак, 2019-жылга салыштырмалуу алардын саны 10 ветеринардык клиникага көбөйүп, 45ке жетти. 

Келечекте Нарын облусуна 5 млрд 201,0 млн сомго 9 ирригациялык объектилерди куруу жана реабилитациялоо пландалууда.