23 октябрь 2023

Кароолор: 21

Нарын облусундагы негизги социалдык-экономикалык тармактар

Нарын облусунун билим берүү тармагы боюнча маалымат

Билим берүү тармагы боюнча:

2023-2024-окуу жылында Нарын облусу боюнча 143 мектеп, 145 бала бакча иш алып барат. 2023-2024-жылы  143 орто мектепте 61570 окуучу, 145 бала бакчага 13390 бала тартылды. Мугалимдердин саны 5707, анын ичинен пенсия жашындагылар 1438, жаш мугалимдер-347. Бала бакчада 879 тарбиячы эмгектенүүдө. 

Жаңы окуу жылына  мектептер китеп менен 85,6% , компьютер менен 78,2% (таблица №3,4) камсыз болду. 

Окуучулардын жалпы билим сапаты 2021-2022-окуу жылында 54,2% болсо, 2022-2023-окуу жылында 53,0%ды түзгөн. 

Интернет 110 мектепке тартылды,  мунун ичинен  Кочкор районунда 35 мектептен 23 мектепке кабелдик интернет тартылган, 12 мектеп модем менен иштеп жатат, Нарын районунда 34 мектептен 13 мектепке кабелдик интернет тартылган, 21 мектеп модем менен иштеп жатат. 

Видеокөзөмөл 142 мектепке коюлду  (Жумгал районундагы  Арал айылындагы Б.Кожоналиева атындагы орто мектебине коюла элек). .

Ысык тамак боюнча: 

2023-2024-окуу жылына карата 23537 башталгыч класстын окуучуларынын ысык тамагы үчүн 2023-жылдын декабрь айына чейин республикалык бюджеттен 29 млн 273 миң сом акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө 141 мектепте ысык тамак берилип жатат. 2 мектепте берилген жок (Кочкор району Шамен, Ара-Көл орто мектеби).

Курулуш боюнча:

2023-жылы  12 объект, анын ичинен 9 мектеп, 2 бала бакча, 1 мектептин спортзалынын жаңы имараты курулуп ишке берилүүсү пландаштырылып, 2023-2024-жаңы окуу жылына карата 4 мектеп, 2 бала бакча ишке берилди.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети боюнча: Нарын мамлекеттик университетинде 9 кафедра 4 факультет, агрардык-техникалык, педагогикалык, экономика жана табигый-гуманитардык илимдер, филологиялык факультеттери, 3 колледж бар. Университетте 103 штаттык бирдикте профессордук-окутуучулук курам эмгектенет. Анын ичинен илимдин доктору-4, кандидаттар-45. 2022-2023 окуу жылында студенттердин саны 3524 болсо, 2023-2024-окуу жылына карата 3524 студент билим алууда. 2021-2022-окуу жылында 466 бүтүрүүчү окуусун аяктап, алардын 53% иш менен камсыз болсо, 2022-2023-окуу жылы жалпы  574  студент окуусун аяктап 48,3% иш менен камсыз болду .

Борбордук Азия Университети боюнча: Борбордук Азия Университети Нарын облусунда 2016-жылы ачылып биринчи студенттерди кабыл алып баштаган, 2 багытта окутат. Коммуникация жана массалык маалымат каражаттары факультети жана компьютердик илим факультеты. Бүгүнкү күндө 30 мугалим 190 студентке билим тарбия беришүүдө. 2022-2023-окуу жылында 45 студент бүтүрсө, 2023-2024-окуу жылында 196 студент окуп жатышат, анын ичинен Кыргызстандан  -86, Орусиядана –2, Казахстандан – 10, Пакистандан -13,Афганистандан -9, Тажикистандан -75, Сириядан – 1 студент.

Нарын медициналык колледжи боюнча: Медколледжде 5 багытта (медайым иши, акушердик иш, дарылоо иши, фармация, лабораториялык диагностика) окуу жүргүзүлөт. 2022-2023-окуу жылында 40 мугалим эмгектенип, 579 студент окуп келсе, 2023-2024-окуу жылында 40 мугалим эмгектенип, студенттердин саны 568, анын ичинен 275 студент бюджеттик, 293 контракттык негизде окуп жатышат. Контракт өлчөмү 23 000 сомдон 28 000 сомго чейин. 2021-2022-окуу жылында колледжди 131 студент бүтүрүп, анын бүгүнкү күнгө 53% иш менен камсыз болсо, 2022-2023-окуу жылы 157 бала окуусун аяктап  иш менен камсыз болгондор 40,5% түздү.

Кесиптик лицейлер боюнча: Кадрларды даярдоодо башталгыч кесиптик билим берүү тармагында 7 кесиптик лицей иштеп, электрогазширетүүчү, жыгач уста, тигүүчү, автослесарь, ашпозчу, тигүүчү, компьютердик графика, программалык камсыздоо ж.б. кесиптин 16 түрүнөн башталгыч кесиптик билим берүү ишмердуулугун жүргүзөт. Аларда жалпы 1455 окуучу окуп, 90 мугалим, 111 мастер эмгектенет., 2021-2022-окуу жылы 1075 окуучу бүтүрүп, алардын 81,7% иш менен камсыз болду. 2022-2023-окуу жылы 1081 окуучу аяктап,  63,2 % иш менен камсыз болду.