23 октябрь 2023

Кароолор: 21

Нарын облусундагы негизги социалдык-экономикалык тармактар

Нарын облусунун саламаттыкты сактоо тармагы боюнча маалымат

Нарын облусунун саламаттыкты сактоо системасына Нарын райондук ЖДПБнын 4 ооруканасы, 1 Нарын облустук бириктирилген ооруканасы, 4 жалпы дарыгерлик практика борбору (ЖДПБ), 1 райондук үй-бүлөлүк медицина борбору, 2 Санэпид борбору, кургак учук жана СПИДке каршы күрөшүү борборлору, кан борбору, соттук-медициналык экспертиза бюросу, 48 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ), 80 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) кирет. Бул медициналык мекемелерде 345 врач жана 1453 орто медициналык кызматкер иштейт.

«Манас таалими» жана «Ден-соолук» саламаттыкты сактоо системасын реформалоо программаларынын алкагында акыркы жылдары облуста баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого жана үй-бүлөлүк медицина институтун калыптандырууга багытталган түзүмдүк өзгөртүүлөр жүргүзүлдү.

Нарын облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги көп жылдардан бери көйгөй жаратып келген. Бул маселени чечүү үчүн облус жетекчиси Алтынбек Эргешов ар бир райондон 5 бүтүрүүчүнү И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан окутуу аракетин көрдү. 25 студентти окутуу үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан шарттуу грант бөлүнүп берилет.

Медициналык академияга тапшыра тургандар жакшы окуган, жоопкерчиликтүү, жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы балл менен өткөн, эң негизгиси окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин Нарын облусуна дарыгер болуп кызмат кылууга каалоосу чоң жаштар болуусу керек.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда 158 дарыгер жетишсиз.

Алдыга коюлган милдеттерди чечүү жана белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу саламаттыкты сактоо тармагында төмөнкүдөй натыйжаларга алып келет:

• областтын медициналык мекемелерин кадрлар менен камсыз кылууну жакшыртуу;

• дарыгерлердин жана медициналык кызматкерлердин эмгек акысынын деңгээлин жогорулатуу;

• медициналык персоналдын өз ишинин натыйжалуулугуна жана сапатына кызыгуусун жогорулатуу;

• медициналык кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу;

• медициналык кызматкерлерди турак-жай жана социалдык тейлөө менен камсыз кылууну жакшыртуу;

• саламаттыкты сактоо тармагына жаш жумушчуларды тартуу жана алмашууну кыскартуу.

Нарын облусунун калкына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуунун натыйжасында ден соолукту коргоонун негизги көрсөткүчтөрү жакшырат:

• эне жана баланын өлүмүн кыскартуу;

• жугуштуу оорулардын деңгээлин төмөндөтүү;

• таралган жугуштуу эмес ооруларды кыскартуу.