23 октябрь 2023

Кароолор: 25

Нарын облусундагы негизги социалдык-экономикалык тармактар

Социалдык өнүгүү тармагы боюнча маалымат

 

Мамлекеттик жөлөкпул алуучулар

Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» № 163 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы №307 токтомуна ылайык, Нарын облусу боюнча жалпы 2023-жылдын 1-октябрына карата 4709 аз камсыз болгон үй-бүлөгө же 15777 балага (2022-жылдын                                     1-октябрына  карата 6184 үй-бүлө же 20029 бала) бирдиктүү бир айлык «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу каржыланган. Салыштырмалуу 1475 үй-бүлөгө, 4252 балага азайган.

Жөлөкпул төлөөгө 2023-жылдын 1-октябрына  карата каржыланган акча каражаты 272 млн 088  миң 700 (2022-жылдын                   1-октябрына    254 млн 971 миң 100) сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 17 млн 117 миң 6800 сомго көп төлөнгөн. Жөлөкпулдун өлчөмү 1200 сом.

Социалдык жөлөкпул алуучулар

2023-жылдын 1-октябрына   карата облус боюнча 6359 адамга 541 млн 861 миң 610 сом социалдык жөлөкпул чектелсе, 2022-жылдын 1-октябрына  карата 6507 адамга 523 млн 588 миң 400 сом социалдык жөлөкпул каржыланган. Былтыркы жылга салыштырмалуу 148 адамга  аз  чектелген, ал эми каржылоо 18 млн 273 миң 200 сомго көбөйгөн.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы №307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2021-жылдын 11-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №211 токтомуна ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан баштап 50%га социалдык жөлөкпул алуучулардын жөлөкпулу көтөрүлгөн. Ал эми, 2022-жылдын 1-январынан тартып, 100 пайызга көтөрүлгөн. 

Натыйжада, социалдык жөлөкпулдун бир айлык өлчөмү 18 жашка чейинки майып балдардыкы 9000 сом, тубаса шал оорусу менен ооруган (ДЦП) балдардыкы 9000 сом, бала кезинен 1-топтогу майыптардыкы 9000 сом, бала кезинен 2-топтогу майыптардыкы 7425 сом, 3-топтогу майыптардыкы 6075 сомду түздү. ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 9000 сом төлөнүүдө. 

Ата-энесинин бирөөнөн ажыраган балдарга 2250 сом, ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга 4500 сом, ата-энесинин экөө тең белгисиз болгон балдарга 4500 сом төлөнүүдө. 

Жалпы оорунун майыптарына райондук коэффициентти кошкондо 750 сомдон кошулгандан кийин 1-топтогулардыкы 3750 сом, 2-топтогулардыкы 3000 сом, 3-топтогулардыкы 2250 сом болду. Андан сырткары Баатыр Энелерге, жаш курагы боюнча жөлөкпул алуучуларга да райондук коэффициентти кошкондо 750 сомдон кошулган. 

Социалдык жөлөкпулдун бир айлык өлчөмү 18 жашка чейинки майып балдардыкы 12000 сом, тубаса шал оорусу менен ооруган (ДЦП) балдардыкы 12000 сом, бала кезинен 1-топтогу майыптардыкы 12000 сом, бала кезинен 2-топтогу майыптардыкы 9900 сом, 3-топтогу майыптардыкы 8100 сомду түздү. ВИЧ/СПИД менен ооруган энелердин балдарыныкы 12000 сом

Толтурулган социалдык паспорттор боюнча

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-декабрындагы № 802 токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-январына карата облус боюнча 64 949 (2022-ж 1-январына 65425) түтүн болсо, алардын ичинен 43917 (2022-жылдын 1-январына 44387) түтүн кыдырылып, социалдык паспорт толтурулду. Же болбосо жалпы түтүндүн 67,6 (2022-жылдын 1-январына карата 67,0) пайызына толтурулду. Толтурулган социалдык паспорттун негизинде 7993 (2022-ж 1-январына 8392) түтүн өтө жакыр кирешеси 0 сомдон 1000 сомго, 6884 (2022-ж 1-январына 7113) түтүн орто жакыр кирешеси 1000 сомдон 1455 сомго, 5467 (2022-ж. 1-январына 5732) түтүн жакыр кирешеси 1455 сомдон 2723 сомго чейин болуп аныкталды.

Ал эми социалдык паспорт толтурулгандардан кирешеси 2723 сомдон жогору болуп 23575 (2022-ж 1-январына 23150) түтүндүн жашоо деңгээли жогору болуп аныкталды. Башкача айтканда жалпы түтүндүн 31,3 (2022-ж 1-январына 32,5) пайызынын жашоо деңгээли жогору болуп, мамлекеттик жөлөкпулга муктаждыгы жок. Былтыркы жылга салыштырмалуу толтурулган социалдык паспорттун негизинде өтө жакырдын деңгээли 399 түтүнгө азайган, орто жакырдын деңгээли 229 түтүнгө азайган, жакырдын деңгээли 265 түтүнгө азайган.

Толтурулган социалдык паспорттук жыйынтыгы жылына бир жолу чыгарылат.

Нарын облустук мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча облуста жалпы калктын жакырчылыктын деңгээли 2011-жылы 49,9%, 2012-жылы 39,9%, 2013-жыл 43,8%, 2014-жылы  30,6%, 2015-жылы 38,0%, 2016-жылы 37,8%, 2017-жылы 29,2%, 2018-жылы 30,6%, 2019-жылы 28, 1%, 2020-жылы 36,8 %ды, 2021-жылы 32,7%ды түздү.

Ассистенттер боюнча маалыматтар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы №556 токтому менен белгиленген «Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» Жобону ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин 2018-жылдын 25-декабрында №132 буйругу чыгып, райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы баккан жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнү 2019-жылдын 1-январынан тартып аныктап, чектөө жүргүзүлүп келет. Аталган токтомго ылайык 18 жашка чейинки гана багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы бакан жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөнүп келген.  Эмгек акынын өлчөмү 4900 сомду түзгөн.  

Аталган токтомго 2022-жылдын 31-майындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №283 токтому менен толуктоо киргизилип, 2022-жылдын июль айынан тарта 18 жаштан жогорку ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ассистенттерине 6268 сом эмгек акы төлөнүүдө. 18 жашка чейинкилердин  жеке асисстентине да эмгек акы үчүн ушул сумма төлөнүүдө. 

2023-жылдын 1-октябрына  карата облус боюнча 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 452 балага дайындалган 448  ассистент үчүн 27 млн  093 миң 717 сом каржыланды. 2022-жылдын 1-октябрына  карата 462 ДМЧА үчүн дайындалган  458  ассистентке  22 млн 389 миң 896 сом каржыланган.    2023-жылдын 1-октябрына   карата 10 балага жана   10  ассистентине азыраак  аныкталып, 4 млн 703 миң 821 сомго көп каржыланган. Мындан сырткары 2023-жылдын 1-октябрына  карата 18 жаштан ашкан 351 ДМЧАнын 351 ассистентине 21 млн 143 миң 917 сом төлөндү. Жалпы ассистенттерге 48 млн 237 миң 634 сом акча каржыланды. Ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 292 18 жаштан ашкан адамга 292 ассистент үчүн 6684080 сом төлөнгөн, жалпы ассистенттер үчүн 29 млн 73 миң 976 сом каржыланган. 

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер боюнча маалымат.

Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 1-октябрына карата 5338 адам (2022-жылдын 1-октябрына   карата 5460) эмгек, социалдык камсыздоо  жана миграция  башкармалыктарында каттоодо турат. 

2023-жылдын 1-октябрына   карата 18 жашка чейинки майып балдардын саны 1863 (2022-жылдын 1-октябрына  карата 1850). ДЦП (тубаса шал) оорусу менен 334 (2022-жылдын 1-октябрына  карата 347) бала ооруйт. 

Бала кезинен майып болгондор 2671 (2022-жылдын 1-октябрына  карата 2767 ),

Жалпы оорунун майыбы 470 (2022-жылдын 1-октябрына  карата 496).

Майыптардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 123 адамга көбөйгөн.

Майыптуулуктун түрү боюнча чон кишилер арасында биринчи орунда нерв системасы жабыркаган жарандар, экинчи орунда психологиялык жактан жабыркаган жарандар турса, үчүнчү орунда сөөк-кыймылдаткыч органдарынан жабыркагандар турат.

Балдар арасында тубаса аномалия оорусу биринчи орунда турса, нерв системасынан жабыркагандар экинчи орунда, ал эми үчүнчү орунду психикалык оору менен жабыркагандар түзөт. 

Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация боюнча

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 15-апрелиндеги № 170 токтому, КРӨнүн 2009-жылдын                               22-декабрындагы № 795 токтому, КРӨнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги №180 токтому, КРӨнүн 2012-жылдын                                      17-апрелиндеги №248 токтому) боюнча 2023-жылдын 1-октябрына   карата 2012 алуучуга 29 млн 161 миң сом төлөнсө,                         2022-жылдын 1-октябрына   карата 2069 алуучуга 29 млн 886 миң 300 сом каржыланган.  2023-жылдын 1-октябрына  салыштырмалуу 57 адамга аз төлөнүп, 725 миң 300 сомго аз каржыланган. 

Президенттик стипендия

(КР Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы №20 Жарлыгы, КР Президентинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги №98 Жарлыгы) 

Стипендия боюнча: 2023-жылдын 1-октябрына   карата 3 адамга 81 миң 300 (2022-жылдын 1-октябрына    карата 3 адамга 81 миң 300 ) сом каржыланып, бирдей деңгээлде төлөм  болгон. 

Кошумча төлөм боюнча: 2023-жылдын 1-октябрына    карата 3 адамга 190 миң 800 (2022-жылдын 1-октябрына  карата 3 адамга 190 миң 800) сом каржыланып, 2023-жылдын 1-октябрына карата салыштырмалуу  бирдей деңгээлде болгон. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы «Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду, расымдык жөлөкпулду (сөөк коюуга) дайындоо жана төлөө жөнүндө» №727 токтомуна ылайык, кош бойлуулук боюнча 2023-жылдын 1-октябрына   карата облус боюнча 1171                        (2022-жылдын  1-октябрына  карата 1666) жаран кайрылып, аларга 2023-жылдын 1-октябрына    карата 61 млн 968 миң 077                (2022-жылдын  1-октябрына    карата 71 млн 339 миң 069) сом кош бойлуулук боюнча жөлөкпул төлөнүп берилген. Салыштырмалуу 2023-жылдын 1-октябрына   карата 495  адамга аз болуп, каржылоо 9 млн 370 миң 992 сомго  аз  төлөнгөн.

Ал эми расымдык (сөөк коюу) боюнча 2023-жылдын 1-октябрына   карата 91 (2022-жылдын 1-октябрына    карата 132) жаранга 353 миң 858 (2022-жылдын 1-октябрына   карата 517 миң 977 сом) жөлөкпул төлөнүп берилген. Салыштырмалуу 2023-жылдын  1-октябрына   карата каза болгон адамдардын саны 41ге азайып, 164 119  сомго  сомго аз  акча каражаты  каржыланган. 

 

Социалдык кызматкерлердин кызматтарына муктаж улгайган кары жана жалгыз бой жарандар жөнүндө маалыма

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.07.2011-жылдагы №365- токтому  менен бекитилген «Үйүндө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү Жобо» боюнча иш алып баруу

2023-жылдын 1-октябрына    карата  685 улгайган адам үйүнөн тейленген, 2022-жылдын 1-октябрына   карата 677 адам тейленгендиктен, 2023-жылдын  1-октябрына   карата 8 адамга көбүрөөк тейленген.

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча:

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-августундагы «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» №214  Мыйзамы,  Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208  токтому менен бекитилген Жобого ылайык

 

Облус боюнча жумушсуздуктун жалпы деңгээли 2021-жылда  6,3 пайызды түзгөн, официалдуу жумушсуздуктун дещгээли 2,3%. 2022-жылга карата жумушсуздуктун жалпы деңгээли  5,8%, ал эми расмий  жумушсуздун денгээли  2,4%. 

 

2023-жылдын 1-октябрына    карата жумуш издеп каттоодо тургандардын саны  3351 (2022-жылдын 1-октябрына        карата 3637), расмий жумушсуздук статусу бар катары каттоодо тургандардын саны  2066 (2022-жылдын 1-октябрына     карата 2686) адамды тъздъ.

Активдүү иш-чараларга коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 2023-жылдын 1-октябрына      карата 482 адам,               (2022-жылдын 1-октябрына  карата 509) адам  тартылган. Жумушсуздардын ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү багытында кесиптик окутуу жана кайра даярдоо кыска мөөнөттөгү курстарга 219 (2022-жылдын 1-октябрына 199) жумушсуз жаран жиберилген. Ишке орношкондордун саны 2023-жылдын 1-октябрына 481 адам  (2022-жылдын 1-октябрына 472 адам).  Жумушка орноштурулгандардын саны 481 болсо, анын ичинен аялдар саны 241. 2022-жылдын 9 айына 472 адам жумушка орношкон, анын ичинен аялдар саны 313 болгон. 

Ишкердик жүргүзүүнү каалаган жумушсуздарга берилип жүргөн чакан насыя 2018-жылдан баштап токтотулган. 

 

“Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү” долбоору боюнча иш алып баруу

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы 385 токтому

Жалпы облус боюнча 2022-жылы социалдык контракт түзүлгөн жаран саны-250,  социалдык контрактка кирген үй-бүлөдөгү мүчөлөр  саны-1381. Долбоорго 242 аял, 8 эркек камтылган, анын ичинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран саны 12. Бул үй-бүлөлөрдө 643 бала “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алып келишкен.   Ак-Талаа районунда 50, Ат-Башы районунда 50, Жумгал районунда 50, Кочкор районунда 50, Нарын шаарында 20, Нарын районунда 30, жалпы 250 адамга 100 000 сомдон жалпы 25 000 000 сомдук колдоо көрсөтүлгөн. 

Мал бордоо боюнча 140, тигүүчүлүк боюнча 61, соода сатык боюнча 11, ашкана иштетүү боюнча  2, чач тарач боюнча  3, СТО 1, такси кызматы 3, жыгач устачылык 2, сүт багытындагы уй 2, тоок чарбасы 1, кондитер, наабайчылык 7, мал өстүрүү 2, кол өнөрчүлүк 1, пельмен чыгаруу 1, курулуш багытында 1, бак өстүрүү боюнча 2 адам  16 тармак боюнча  иш алып барууда. 

Жалпы контракттын катышуучуларынын ичинен  мал чарбачылыгы боюнча иш алып баргандар 56%ды,  тигүүчүлүк багытында иш алып баргандар 24,4%ды,    ашкана иштетүү, устачылык, ар кандай кызмат көрсөтүүлөр  багыттарында иш алып барып жаткандар 19,6 %ды  түздү. 

Социалдык контрактка кирүүнүн натыйжасында 643 баланын жөлөкпулу кыскарып, натыйжада  1 айда 931 миң 251 сом үнөмдөлгөн. Социалдык контракт  иш алып бара баштагандан бери  жалпы үнөмдөлгөн акча каражатынын суммасы 10 млн 212 миң 645 сомду түздү.   

2023-жылы социалдык контракт 587 жаран  менен түзүлгөн.  Келишим 2023-жылдын  апрель айында түзүлгөн.    Социалдык контрактка кирген үй-бүлөдөгү мүчөлөр  саны 3346. Долбоорго 541 аял, 46 эркек камтылган, анын ичинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран саны 55. Бул үй-бүлөлөрдө 1576 бала “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алып келишкен.          2023-жылы Ак-Талаа районунда 105, Ат-Башы районунда 145, Жумгал районунда 103, Кочкор районунда 69, Нарын районунда 125, Нарын шаарында  40, жалпы 587 адамга 100 000 сомдон жалпы 58 700 000 сомдук колдоо көрсөтүлгөн.  Жалпы облус боюнча мал бордоо боюнча 429, тигүүчүлүк боюнча 81, соода сатык боюнча 36, ашкана иштетүү 4, чач тарач 2, СТО 1, такси кызматы 10, дыйканчылык 1, жыгач устачылык 2, тоок чарбасы 1, кондитер , наабайчылык 4, мончо иштетүү 2, кол өнөрчүлүк 2, бак өстүрүү боюнча 1,мебель жасоо 1,пенаблок чыгаруу 1,бал челекчилик 3, ширетүү 1,балык чарбасы 1. Самын жасоо 1, күнөскана 1. Автоателье 1. Таш кордо даярдоо 1, жалпы 23 багыт  боюнча иш алып барылууда. 

Жалпы контракттын катышуучуларынын ичинен мал чарбачылыгы менен алектенгендер 73%ды, тигүүчүлүк менен алектенгендер 13,7%ды, ишкердиктин ар кандай багыттары менен алектенгендер 13,2%ды түздү. 

Социалдык контрактка кирүүнүн натыйжасында 1 айда 2 млн 784 миң 805 сом үнөмдөлдү, 2023-жылдын 1-октябрына 11 млн 540 миң 828 сом үнөмдөлдү.

Миграция боюнча:

2023-жылдын январь-август   айлары ичинде облустун аймагына киргендердин жалпы саны 1100 (2022-жылдын январь-август  айларында 939) адамды түзсө, чыгып кеткендердин саны 2098 (2022-жылдын январь-август   айларында 2277) адамды түзүп, былтыркы жылдын 8 айына салыштырмалуу киргендердин саны 161 адамга, чыккандардын саны 179 адамга көбөйгөн. 

Калктын аярлуу катмарына көрсөтүлгөн жардамдар

2023-2024-жылдардын кыш айларында  облус боюнча 6537 көмүр отунуна муктаж аз камсыз үй-бүлөр аныкталса, анын ичинен 2898 үй бүлөгөден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөр. Жергиликтүү бюджеттен 189 үй-бүлөгө 189 т көмүр берилди. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы №10 протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык резервдер фондусунан  “Үй-бүлөгө көмөк”  жөлөкпулун  алуучулардан 5718 үй-бүлөгө 57180 л май берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан аз камсыз 43 адамга 320 000 сом, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 27  адамга  288 000 сом, жалпы 70 адамга 608 000 сом материалдык жардам берилген. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июнундагы  №1 протоколуна ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөнүн  электрондук социалдык паспортун толтуруу ишке ашырылды. 2023-жылдын 1-октябрына   карата  облус боюнча 19942  аз камсыз үй-бүлө аныкталып, 19942 үй-бүлөгө социалдык паспорт толтурулуп, 100 %га аткарылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Аз камсыз болгон жарандарды электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндөгү» 2022-жылдын 6-декабрындагы №546 жарлыгына ылайык,  2023-жылдын                      1-октябрына   карата  аз камыз 4572 үй-бүлөнүн  ичинен 4731 үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонууга киргизилди. 159 үй-бүлө ар кандай себептерден улам жеңилдетилген тарифтен пайдалана албай калган. 

Пенсияларды чектөө боюнча

2023-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин жалпы саны 55308 (53999) адам,  бир айга керектелүүчү  акча каражаты 463 млн 400 миң  (358 млн 500 миң) сомду түздү. Пенсиянын орточо өлчөмү  8378 (6659) сом. 2022-жылдын 9 айына  салыштырмалуу пенсионерлердин жалпы саны 1309 адамга көтөрүлгөн. Салыштырмалуу каржылоо 104 млн 900 миң сомго көбөйгөн. 

Нарын облусу   боюнча  пенсионерлерге  акча каражатынын  2023-жылдын 9 айында

каржыланышы  жөнүндө маалымат

 

2023-жылдын 9 айында  54950 пенсионерге 4 млд 188 млн 352 миң 700     сом каржыланган. Мунун ичинен  «Кыргызпочта»   ишканасы  аркылуу 8411 пенсионерге  693 млн 990 миң 700  сом таратылган.

Банк аркылуу 46539   пенсионерге  3 млд 494 млн 362 миң  сом  каржыланып, каржыланган сумма өз  убагында ар бир  айдын 10-числосунан баштап   накталай   акча  түрүндө  толук  таратылды. 

2022-жылдын 9 айына салыштырмалуу  2023-жылдын 9 айында 1087 пенсионерге 935946,5 миң   сомго өсүш болгон.   Бүгүнкү күндө  бардык райондук Социалдык фонд башкармалыктары   “Eleed “программасына ылайык иш алпарып,  программанын негизинде пенсиялар төлөнүп көзөмөлдөнүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023- жылдын 13-сентябрындагы “2023- жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө” №235 Жарлыгына ылайык “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде дайындалган пенсиялардын өлчөмдөрүнө кайра эсептөө жүргүзүлдү. Кайра эсептөөнүн айырмасы 96,8 млн.сом пенсионерлердин жалпы саны 55308 адам пенсиянын орточо өлчөмү 1.10.2023-жылдан баштап 10128 сом пенсиянын орточо өлчөмү 20,9 % көтөрүлдү.

 

Этникалык кыргыздар боюнча:

Нарын шаарында 1 үй-бүлө жашап жатат.

Бала-бакчада -2 бала тарбияланып жатат.

Үй көзөмөлүндө 2 бала

Мамлекеттик жөлөкпул – 4 балага чектелди ар бирине 1820 сомдон)

Пенсия-жок.

1 адам иш менен камсыз болду. 

 

Социалдык тармак боюнча көйгөйлөр:

Үй-бүлөлүк зомбулуктун, балдарга карата зомбулуктун көбөйүп кетүүсү

Чечүү жолдору жана алдыга коюлган максаттар:

  • Калк арасында түшүндүрүү, агартуу  иштерин күчтөө
  • Үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо
  • Ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү
  • Зомбулук, кылмыштуулук багытында иш алып баруучу тармактардын ишин күчтөө
  • Коомдук уюмдарды калкка түшүндүрүү иштерине тартуу
  • Жумушсуздукту кыскартууга жетишүү
  • Ысырапкорчулукту жоюу
  • Мектеп окуучулары үчүн QR-код программасын толук киргизүү
  • Зомбулуктун ар бир учуру боюнча жеринде талдоо жүргүзүү менен иш алып баруу

Максаттар:

  1. “Социалдык контракттын негизинде социалдык колдоо көрсөтүү” долбооруна аз камсыз үй-бүлөлөрдү тартуу менен үй-бүлөлөргө чакан ишкердүүлүк түзүп, жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү;
  2. КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы-КР Президентинин Администрацисынын Жетекчиси А.У.Жапаровдун тапшырмасына ылайык жакырчылыкты жоюу программасына бир катар  сунуштар берилген, программа бекип келсе  анын негизинде бирдиктүү иш алып баруу. 

 

  • Социалдык контракттын суммасын көбөйтүү жана алган жарандарга кошумча колдоо көрсөтүү максатында пайызсыз насыяларды берүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 30 пайызына социалдык контракттын жардамы менен социалдык колдоо көрсөтүү долбооруна киргизүү;
  • Жумушсуз жана аз камсыз  жарандарды кесипке даярдоо, финансылык сабаттуулук, ишкердикке үйрөтүү, дыйканчылык жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча окуулар, тренингдер, мастер класстар жана ушулар сыяктуу кыска мөөнөттүү окууларды уюштуруу үчүн райондорго мамлекеттик окуу борборлорун ачуу;
  • Жумушсуздарды убактылуу иш менен камсыз кылуу максатында акы төлөнүүчү коомдук жумуштун эмгек акысын жогорулатуу;
  • Эмгек рыногуна ылайык жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу үчүн жумуш орундарын түзүүгө жетишүү;
  • Аз камсыз үй-бүлөлөргө долбоор жазуу, ишкерлик кылуу боюнча окутуу, окуунун жыйынтыгы менен алар тарабынан жазылган эң жакшы долбоорго конкурс жарыялап, долбоорун каржылоо;
  • Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн кезексиз жер тилкелерин бөлүп берүү;
  • Аз камсыз үй-бүлөлөргө пайызсыз субсидия берүү.