11 ноябрь 2023

Кароолор: 7

Нарын облусундагы негизги социалдык-экономикалык тармактар

Туризм тармагы боюнча маалымат

 Туризм тармагы боюнча маалымат

 

Нарын облусунун жаратылыш климаты, ак мөңгүлүү тоолору, шар агын суулары ошондой эле облус Улуу Жибек Жолунда жайгашкандыгы менен туризмди эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жана маданий байлыгы менен чет элдик туристтерди, инвесторлорду кызыктырып келет.

Нарын облусу Улуу Жибек-Жолунун боюнда жайгашып, чет элдик туристтердин келип-кетүүсү жылдан-жылга мындан дагы көп болушу күтүлүүдү. Облустун туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү максатында, аракеттерди көрүп келебиз.

Облустун туризм тармагын өнүктүрүү максатында, Эл аралык уюмдардын колдоосу менен облустун туристтик видео материалдары даярдалып,  5 жылдык стратегиялык планы иштелип чыгып аталган пландын алкагында иштер жасалууда. 

2023-жылдын 19-январында Нарында жайгашкан  “Хан-Тенгри” мейманкасында, “Нарын облусунда туруктуу туризмди биргелешкен аракеттер менен  өнүктүрүү”  аттуу II  туристтик форуму Нарын туризм ассоциациясы менен биргеликте өткөрүлдү.  Аталган форум Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти, Кыргыз Республикасындагы Соода өнөр-жай палатынын финансылык колдоосу менен болду.  

2023-жыл ичинде туруктуу  туристтик фестивалдарды уюштуруп өткөрүү максатында, 2023-жылдын 3-мартында Бишкек шаарындагы  “В Hotel” мейманканасында,  туристтик компания өкүлдөрү  менен жолугушуу өткөрүлүп,  2023-жылдын жайкы туристтик мезгил убагында өтө турган фестивалды уюштуруп өткөрүү тууралуу ири туристтик компанияларга баяндамалар жасалып, план-программалар менен кенен тааныштырылды. Учурда календардык планга кирген фестивалдарды уюштуруп өткөрүү үчүн колдоолор көрсөтүлүп, постер даярдалып,  өлкөдөгү ири туристтик компания, дестинацияларга ж.б. аркылуу жайылтылууда.

 Нарын облусунун туризм тармагынын бирдиктүү бренддингин иштеп чыгуу боюнча сунуш Туризм департаментине берилип, алар тарабынан колдоого алынып, тендердин негизинде облустун туристтик бренддингин аныктоо үчүн атайын жумушчу топ тарабынан (брендбук) 06.04.2023-ж. кабыл алынып, туристтик иш-чараларда (форум, фестивалда) колдонулууда.

 2022-жылдын жай айларында облустун аймагына келген чет элдик туристтердин сунуш-талабы менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментине сунушталып, Эл аралык “ACTED Kыргызстан” өнөктөш уюмунун каржылоосунда, облустун туристтик таанымал жайларын заманбап ыңгайлуулук менен маалымдоо максатында,  2 даана папулярдуу болгон 6 багытты көрсөткөн туристтик (QR код менен) санариптик туристтик көрсөткүчтөрү алгачкы жолу даярдалып, тиешелүү аймактарга орнотулду.

 

2023-жыл ичинде өткөн фестивалдар:

-Эл аралык   “Кыргыз шырдагы ” фестивалы,  28-29-июнь,Нарын  району, Кара-Бук участогу “As A NOMAD” этно-комплекси;

- “Кыргыз даамы” этно-фестивалы, 7-июль Ат-Башы  району, Сары-Тал жайлоосу;

- “Мурас” фестивалы 10-июль, Жумгал району, Кара-Кече өрөөнү “Кыз-Коргон" жайлоосу;

- “Кызарт-Килемче-Соң-Көл” үч күндүк ат турлар фестивалы 21-22-23-июль Жумгал району, Кызарт айылы; 

- “Ата салты - эне мурасы” фестивалы,   21-июль,  Нарын району, Үсөн-Бак эс алуу жайы;

- “Манас маданият жана туризм” фестивалы 28-29-июль Ак-Талаа району, Сөң-Көл жайлоосу; 

- “Нукура” фестивалы 17-сентябрь, Нарын шаары.

 

Глэмпинг долбоорун облустун  ыңгайлуу туристтик жайларына  ишке ашыруу боюнча ылайыктуу  17 жер участоктору аныкталып, долбоорду ишке ашыруу үчүн инвесторлор изделүүдө. Ал эми учурда алгачкы облустун Нарын районуна караштуу, Эки-Нарын өрөөнүндөгү  Коңур-Дөбө жайлоосунда 5 глэмпинг (долбоордун жалпы сметасы 30 000 $) жеке ишкер А.Кадыракунов тарабынан курулуп, туристтерге кызмат көрсөттү.

Жайкы туристтик мезгил убагында облустун аймагына келип жаткан туристтердин санын тактоо максатында,  бир нече жыйындар өткөрүлүп, райондук администрацияларга, Нарын шаардык мэриясына, айыл өкмөттөргө  жана облустук, райондук статистика башкармалыгына протоколдук тапшырмалар берилип, тактоо иштери жүргүзүлүп, расмий катталбай көмүскөдө туристтерге кызмат көрсөткөн ишкерлерге түшүндүрүү иш аракеттерин жүргүзүлдү. Жыйынтыгында облуска келген туристтердин саны  2022-жылдын 9 айына  салылштырмалуу саны 3 эсе жогору болуп  такталды. 

Нарын облусуна 2022-жылдын 9 айында  32813 мин турист келип,  киреше 

9 млн  303 мин, 300 сом болгон, ал эми 2023-жылдын 9 айында 100630 миң турист келип, киреше  48 млн  593 мин, 400  сом болду. 

(салыштырмалуу 67817 туристке, киреше 39290,1 сомго көп болду).

Облуста 284 (203-жеке жактар, 81-юридикалык жактар) туристтик субьектилер  каттоодон өтүп, 128 субьекти активдүү  иш алып барат.

Нарын облусунун аймагына 2023-жылдын 9 айында 21816 чет элден туристтер келген, туристтердин көбү  Франция-4766, Германия-2859, Швейцария-2202,  Россия-1801, АКШ-1528,Австралия-1075 Бельгия-1017, Польша-1402, Италия-1318, Израиль-991, Гидерланды-597, Испания-502, Корея-421, Великобритания-400, Кытай-199, Казакстан-166, Турция-110, Араб Эмираты-78, ж.б туристтер түзөт.