29 январь 2024
Кароолор: 477
Нарын облусундагы негизги социалдык-экономикалык тармактар
Жашы жетпеген өспүрүмдөргө, аялдарга жасалган кылмыштар боюнча маалымат
Жашы жетпеген өспүрүмдөр тарабынан, жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата, аялдар тарабынан жана аялдарга карата жасалган кылмыштар боюнча талдоо
Нарын облустук поокуратурасынын бөлүмүнун улук прокурору, юстициянын подполковниги Т. Тойтоновдун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 12 айында Нарын облусунун аймагында жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар боюнча 43 (26) кылмыш иштери козголгон.
Жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштын ичинен:
- 12 (4) же – 27,9% (15,3%) оор кылмыштар;
- 3 (1) же – 6,9% (3,8%) өзгөчө оор кылмыштар;
- 28 (21) же -65,1% (80,7%) анча оор эмес жана коркунучтуулугу аз кылмыштарды түзгөн.
Ал эми, жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган жалпы 43 (26) иштин тергөөсү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 37 (26) иштин тергөөсү аяктап, анын ичинен 27 (17) кылмыш иши соттук кароого жиберилип, 10 (9) өндүрүштөн кыскартылган, ошондой эле 4 (0) кылмыш иши башка өндүрүштөгү кылмыш иштерге бириктирилген, 1 (0) кылмыш иши өндүрүштөн токтотулган, калдыкта - 1 (0).
Жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулук фактылары боюнча 2023-жылдын 12 айында ички иштер органдары тарабынан жалпы 27 (8) кылмыш иштери козголгон.
Жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулук фактылары боюнча козголгон кылмыштардын ичинен:
- 12 (1) же – 44,4% (12,5%) оор кылмыштар;
- 3 (1) же – 11,1% (12,5%) өзгөчө оор кылмыштар;
- 12 (6) же – 44,4% (75 %) анча оор эмес жана коркунучтуулугу аз кылмыштарды түзгөн.
Ал эми, жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулук фактылары боюнча 27 (14) иштин тергөөсү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 21 (14) иштин тергөөсү аяктап, анын ичинен 13 (7) кылмыш иши соттук кароого жиберилип, 8 (7) өндүрүштөн кыскартылган, ошондой эле 4 (0) кылмыш иши башка өндүрүштөгү кылмыш иштерге бириктирилген, 1 (0) кылмыш иши өндүрүштөн токтотулган, калдыкта - 1 (0).
Жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган жыныстык мүнөздөгү кылмыштар боюнча 13 (9) кылмыш иши козголуп, анын ичинен:
- зордуктоо – 3 (5);
- сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер – 1 (0);
- он алты жашка толо элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер менен – 2 (2);
- сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо – 1 (0);
- ыплас аракеттер – 6 (2);
- башкалар – 0 (0) түзгөн.
Ал эми, 2023-жылдын 12 айында жашы жетпеген өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар боюнча 37 (31) кылмыш иштери козголгон.
Жашы жетпеген өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын ичинен:
- 1 (0) же – 2,7% (0,0%) оор кылмыштар;
- 1 (1) же – 2,7 % (3,2%) өзгөчө оор кылмыштар;
- 35 (30) же 94,5 % (96,7%) анча оор эмес жана коркунучтуулугу аз кылмыштарды түзгөн.
Ал эми, жашы жетпеген өспүрүмдөр тарабынан жасалган 37 (31) иштин тергөөсү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 26 (29) иштин тергөөсү аяктап, анын ичинен 5 (4) кылмыш иши соттук кароого жиберилип, 21 (25) өндүрүштөн кыскартылган, ал эми баланы кылмыш жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгарылган иштердин саны 18 (3) ишти түзгөн.
Ошондой эле, 11 (0) кылмыш иши башка өндүрүштөгү кылмыш иштерге бириктирилип, 0 (0) кылмыш иши өндүрүштөн токтотулган жана 0 (2) кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Жашы жетпеген өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын негизги себептери, ата-энелери чет өлкөлөрдө миграцияда болгондуктан, аларга карата туугандары тарабынан жетиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүлбөй жаткандыгы, социалдык көйгөйлөр, жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн өтмө (переходный возраст) жашта болгондугу жана башка жагдайлар болуп саналат.
2023-жылдын 12 айында аялдарга карата жасалган кылмыштар боюнча 45 (55) кылмыш иши козголгон.
Аялдарга карата жасалган кылмыштын ичинен:
- 3 (1) же – 6,6 % (1,8%) оор кылмыштар;
- 1 (3) же – 2,2% (5,4%) өзгөчө оор кылмыштар;
- 41 (51) же – 91,1% (92,7%) анча оор эмес жана коркунучтуулугу аз кылмыштарды түзгөн.
Ал эми, аялдарга карата жасалган кылмыштар боюнча 45 (55) иштин тергөөсү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 44 (55) иштин тергөөсү аяктап, анын ичинен 22 (18) кылмыш иши соттук кароого жиберилип, 22 (37) өндүрүштөн кыскартылган, ошондой эле 1 (0) кылмыш иши башка өндүрүштөгү кылмыш иштерге бириктирилген, 0 (0) кылмыш иши өндүрүштөн токтотулган, 0 (0) иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Андан тышкары, 2023-жылдын 12 айында аялдар тарабынан жасалган кылмыштар боюнча 69 (79) кылмыш иши козголгон.
Аялдар тарабынан жасалган кылмыштын ичинен:
- 1 (0) же – 1,4 % (0,0%) оор кылмыштар;
- 2 (0) же – 2,8 % (0,0%) өзгөчө оор кылмыштар;
- 66 (79) же – 95,6 % (100,0%) анча оор эмес жана коркунучтуулугу аз кылмыштарды түзгөн.
Ал эми, аялдарга тарабынан жасалган кылмыштар боюнча 69 (79) иштин тергөөсү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 62 (75) иштин тергөөсү аяктап, анын ичинен 30 (19) кылмыш иши соттук кароого жиберилип, 32 (56) өндүрүштөн кыскартылган, ошондой эле 7 (3) кылмыш иши башка өндүрүштөгү кылмыш иштерге бириктирилген, 0 (0) кылмыш иши өндүрүштөн токтотулган, 0 (1) иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.