19 июль 2025

Кароолор: 8

1-ОРУН БАСАР Р.САПАРБЕКОВ СОҢ-КӨЛДӨГҮ ЭПИЗООТИЯЛЫК АБАЛ БОЮНЧА ЧУКУЛ ШТАБ ӨТТҮ

Бүгүн 19-июль күнү Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн биринчи орун басары Р.Сапарбековдун жетекчилигинде Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким А.Набиев жана тиешелүү кызматтардын башчылары менен чукул штабдын отуруму ѳткѳрүлдү.

Отурумда облустун аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо максатында жер-жерлерде бардык райондук ветеринардык кызматтарына тиешелүү тапшырмалар берилип, дары-дармектердин кору такталып чыкты жана керектүү күч-каражаттар жетиштүү санда кармалып турууда.

Учурда облус аймагында эпизоотиялык абал туруктуу.