05 ноябрь 2025
Кароолор: 21
11 ПРОДУКЦИЯГА «НАРЫН БРЕНД» БЕЛГИСИ БЕРИЛДИ

5-ноябрь күнү ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Руслан Сапарбековдун катышуусунда “НАРЫН БРЕНД” комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Ага “Бир айыл - бир продукт” долбоорунун жетекчиси Акихиса Харагучи, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин KG RESILANDдолбоорунун 2-компонентинин координатору Нурбек Жумалиев, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВПП) Нарын облусундагы программалык ассистенти Кундуз Курманбаева ж.б комитет мүчөлөрү, тиешелүү кызмат өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.
Жыйында жергиликтүү ресурстарды колдонуу менен өндүрүлгөн 11 продукция тандалып алынып, аларга “Нарын Бренддинин” сертификаттары тапшырылды.
Брендди алган продукциялар:
1. Кремдүү топоз рагусу - Акматов Кубан;
2. “Көчмөндөр” пиццасы - Торгоева Жибек;
3. Сафлор майы - Менсетбек Жакшылыков;
4. “Ак-Талаа” эрте жаздагы балы - Артыков Мамбеткалый;
5. “Жумгал” эспарцет балы - Асейин уулу Нурдин;
6. Кургатылган эт - Сайнидинов Стан;
7. Алма кагы - Мамбеталиев Улук;
8. “Кызыл туз” ооз чайкагычы- Кудайбергенов Улан;
9. Сүзмө печеньеси - Нуракова Асел;
10. Ышталган чучук - Казыбаев Максат.
Белгилей кетсек, иш-чаранын негизги максаты - аймактык бренддерди өнүктүрүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана алар чыгарган продукцияларга “НАРЫН БРЕНД” соода белгисин ыйгаруу болуп саналат.