28 январь 2025
Кароолор: 37
1160 аз камсыз үй-бүлөгө 116 млн сом социалдык жардам берилди
Республикалык бюджеттин эсебинен 2024-жылда социалдык контрактын негизинде Нарын облусундагы 1160 аз камсыз үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлдү.
Бул үй-бүлөлөргө чакан ишкердик кылууга 100 миң сомдон жалпы 116 млн сом берилди. Социалдык контракт түзгөндөрдүн ичинен 70,3%ын мал чарбачылыгы менен алектенгендер, 15,3%ын өндүрүш багытында (тигүүчүлүк, жыгач устачылык, ж.б), 8,3 % кызмат көрсөтүү жана 4,9% соода-сатык менен алектенгендер түздү.
Жалпы үч жыл аралыгында республикалык бюджеттин эсебинен социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүлгөн үй-бүлөлөрдүн саны 1997 адамды түзүп 199 млн. 700 мин сом каржыланды. (2022ж.-250 үй-бүлө, 2023ж.- 587 үй-бүлө, 2024ж.-1160 үй-бүлө).
Ошондой эле, 2024-жылы Дүйнөлүк Банктын “Социалдык жардам көрсөтүу программаларын жана эмгек рыногун чындоо” долбоорунун алкагында кошумча социалдык контрактын негизинде 185 аз камсыз үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлдү жана бул үй-бүлөлөргө чакан ишкердик кылууга 100 миң сомдон жалпы 185 млн сом берилди. Долбордун алкагында социалдык контракт түзгөндөрдүн ичинен 74,1%ын мал чарбачылыгы менен алектенгендер, 16,2%ын өндүрүш багытында (тигүүчүлүк, жыгач устачылык, ж.б), 2,2 % кызмат көрсөтүү жана 7,6% соода-сатык менен алектенгендер түздү.