25 декабрь 2024
Кароолор: 34
24 саат көзөмөлдө

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын алдында ачылган «Кырдаалдык борбор» иштеп баштады.
Нарын облусунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукту алдын алуу максатында ачылган борбор заманбап байкоо жана көзөмөлдөө каражаттары менен жабдылган. Кылмыштарга ыкчам реакция кылуу жана издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоого дагы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
«Кырдаалдык борбордун» салтанаттуу ачылышына катышкан КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине, өздүк курамына кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, аталган борбордун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Шаарыбыздын көчөлөрү, айылдарыбыз ар бир жаран үчүн коопсуз болушу керек. 24 саат бою байкоо жүргүзүүчү камералар менен интеграцияланган система коомдук жайларда тынбай көзөмөл жүргүзүп жатат. Демек, мыйзам бузууну жана кылмыштарды убагында аныктоону, ошондой эле коркунучтарды алдын алуу үчүн ыкчам чечимдерди кабыл алууну камсыздайт”-деди облус башчы.
Иш чарага катышкан ИИМдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов “Кырдаалдык борбордун” ачылышы аймактын коопсуздук системасын бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп,борбордун ишмердүүлүгү аркылуу укук бузууларды алдын алуу жана оперативдүү чараларды көрүү натыйжалуу болорун айтты.