13 июнь 2025
Кароолор: 11
43 МИЛЛИОН СОМГО ТӨРТ ДОЛБООР ИШКЕ АШТЫ

Кум-Дөбө айыл өкмөтүндө 43 миллион сомдук төрт долбоор ишке ашты. Долбоорлор "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан каржыланып, анын 5 миллион сому айыл өкмөттүн өздүк салымы.
Бүгүн, 13-июнда облус башчысы Алтынбек Эргешов райондогу иш сапар алкагында аталган айылга барып, долбоордун ачылышы менен куттуктап, алынган техникалардын ачкычын тапшырды.
Айыл өкмөт башчысы Мирлан Исраиловдун айтымында, өнүктүрүү фондко жазылган төрт долбоор колдоого алынып, 38 миллион сом бөлүнгөн. Буга айыл өкмөт 5 миллион сомдук өздүк салым кошуп, жалпы 43 миллион сомго эки эгин комбайн, бир экскаватор сатылып алынган. Эми 1 чакырым 100 метр ички жол асфальтталат.
Дубан башчы техникаларды өз максатында колдонууну белгилеп, айыл элине ийгиликтерди каалады.
"Мындай долбоорлордун ишке ашуусунда өлкө башчынын салымы чоң. Себеби "Кумтөр" кенинен бир пайыздык үлүш Президентибиздин тапшырмасы менен "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондуна которулуп жатат. Бул каражаттарга облуста бир нече социалдык- экономикалык долбоорлор ишке ашууда",- деди А. Эргешов.
Ал эми өткөн жылы облусту өнүктүрүү фондунан 3 миллион 900 мин сомго таштанды чыгаруучу “Хово” үлгүсүндөгү унаа жана АТР алкагында мамлекеттен берилген 10 миллион сомдун 9 миллион 600 мин сомуна жүгөрү чабуучу комбайн сатып алышкан.