10 май 2024

Кароолор: 323

"Ак-Бечел" суу алуу жайындагы суунун нугу калыбына келтирилүүдө

Нарын шаарынын калкын таза суу менен камсыздаган Ак-Бечел суу алуу жайында күндүн жылышынан улам суунун басымы кескин көбөйүп, суу нугунан чыгып кеткен.

Бул жерде Нарын шаардык мэриясы жана шаардын тиешелүү муниципалдык ишканалары тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, суунун нугун буруу иштери жүрүүдө.

Облус жетекчисинин орун басарлары А.Сапаров, Ш.Абдырайым уулу баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзгөчө кырдаал болгон жердеги абалды жеринде көрүп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Акыркы жылдары Президенттин колдоосу менен бардык тармактарга жаңы техникалар алынгандыктан өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда техникага муктаждык болбой, жаңы техникалардын жардамы тийүүдө.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.