04 апрель 2025
Кароолор: 10
"БИЗ - XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫБЫЗ!" КАРОО-СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ТУРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

"Алтын Түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын облустук филиалы тарабынан 2025- жылдын 3-апрелинде "Биз - XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз!" аттуу кароо-сынагынын облустук туру өттү. Нарын облусунан эң мыкты баа алган 13 окуучу Эл аралык форума катышууга жолдомо алышты. Алдынкы орундарды камсыздаган окуучуларга Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун резервдик фондунан акча каражаты бөлүнүп, жеңүүчүлөргө байгелер берилди.
Бул кароо-сынакка Нарын облусунун бардык райондорунан, Нарын шаарынан жалпы 88 окуучу катышты. Иш-чаранын максаты облуста таланттуу, ойлоп тапкыч балдарды табуу менен келечекке кесипке багыт берүү болуп саналат. Бул кароо-сынак он жылдан ашык убакыттан бери облуста өткөрүлүп келет. “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын облустук филиалынын директору Рыскүл Турдалиеванын маалыматы боюнча жылдан жылга кароо - сынактын денгээли жогорулады жана кызыккан окуучулардын саны дагы өсүүдө. Окуучулар моделдерди ойлоп таап иштөө функциясына жараша программа киргизишет. Бул жылдагы кароо-сынакка окуучулар жогорку денгээлде даярданган.
Аталган кароо-сынактын артыкчылыгы катары жогорку окуу жайлар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде, республикалык турдан 1-2-3-орун алган жана ЖРТнын босого баллынан өткөн окуучулар И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.