30 май 2025

Кароолор: 8

"ЕВРАЗИЯ" БИЛИМ БЕРҮҮ ДОЛБООРУНУН КООРДИНАТОРУ НАРЫН ШААРЫНДАГЫ БАЛДАР БИЛИМ БЕРУУ БОРБОРУНА СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРДЫ

Бүгүн, 2025-жылдын 30-майында, Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов башында турган делегация Кыргыз Республикасынын Нарын облусуна иш сапары менен келди.

Сапардын алгачкы күнүндө россиялык делегация Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун алкагында, Нарын облустук балдар билим берүү борборунун базасында ачыла турган «Орус тили жана маданиятын колдоо боюнча Евразия борборуна» тиешелүү сертификатты тапшыруу аземи белгиленди.

Сертификат борбордун имараттарын оңдоо, заманбап эмерек жана жабдыктар менен камсыздоо, ошондой эле мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программасын ишке ашыруу үчүн каражаттарды камтыйт. Бул документти АНО "Евразия" билим берүү долбоорлорунун координатору Елена Аверкова расмий түрдө облус башчысы Алтынбек Эргешовго тапшырды.

Бул демилге «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун колдоосу менен ишке ашууда жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

«Евразия борбору» билим берүүчү гана эмес, ошондой эле маданий иш-чараларды, чыгармачыл жолугушууларды, адабий кечелерди жана мастер-класстарды өткөрүүчү аянтча болот. Анын башкы максаты — орус тилине жана Кыргызстан менен Россиянын маданиятына кызыккан балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү.

Ошондой эле, борбордо кошумча билим берүүчү мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу программасы жүргүзүлөт. Бул программа аркылуу педагогдор окутуунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүп, тажрыйба алмашууга жана билим берүү процессин жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышат.

Нарын облустук балдар билим берүү борборунда учурда 6 жаштан 18 жашка чейинки 1200дөн ашуун бала бекер окутулат. Борбордо аз камсыз болгон, мигранттардын балдары, жарым жетимдер жана өзгөчө муктаждыктары бар балдар билим алууда.

Окутуу багыттары: орус, англис жана япон тилдери, математика, компьютердик жана каржылык сабаттуулук, балдардын эрте өнүгүү клубу, колдонмо искусство, сүрөт, шахмат, адабий клуб, гитара жана комуз чертүү, бий ийримдери. Мындан тышкары, борбордо ар түрдүү маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Нарында Евразия борборунун ачылышы — бул Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүчү, балдардын билимине жана маданий өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон демилге.