27 май 2025

Кароолор: 12

"GALLOPS" ЭЛ АРАЛЫК ДОЛБООРУ КЫРГЫЗСТАНДА ӨТӨТ

2025-жылдын 19–26-июлунда Gallops - 2025 - Эл аралык долбоору Соң-Көлдө өтөт. 

Эл аралык деңгээлдеги иш-чара — Gallops биринчи жолу Борбор Азияда, тактап айтканда, Кыргызстандын керемет жеринин бири Соң-Көлдүн айланасында өтөт. Уникалдуу турда катышуучулар Кызарт айылынан (Жумгал району) баштап Соң-Көлдүн айланасын 5 күн ичинде 200 км ашуун аралыкты атчан басып өтүүшөт.

Gallops — бул дүйнөнүн ар тарабынан келген 100гө жакын чабандес катышкан өзгөчө эл аралык иш-чара. Бул иш-чара белгилүү "Париж-Дакар" жарышынын концепциясына негизделип, командалык багыт алуу жана чыдамкайлыкты талап кылган атчан жүрүш болуп эсептелет. 

Аталган долбоордо 15тен ашуун өлкөдөн келген катышуучулар - 100гө жакын профессионал жана VIP-чабандестер, кино жылдыздары, атактуу инсандар жана падыша үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү иш-чарага өзгөчө көңүл бурууну жана жогорку деңгээлдеги медиа резонансты жаратат деп күтүлүүдө. Бул эл аралык иш-чара дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда чагылдырылат.

Аталган иш-чарага даярдык көрүү максатында 2025-жылдын 26-майында Кызарт айылында долбоордун уюштуруу маселелери боюнча биринчи жыйын болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Кыргызстандагы долбоор жетекчиси Азамат Жаманкулов, Gallops долбоорунун негиздөөчүлөрүнөн Бенуа Перье (Benoît Perrier) жана Бади Кебир (Bady Kebir), долбоор менеджери Белек Усенбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер катышты. Анда жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик кызматтардын иш-аракети, катышуучулардын коопсуздугу, ден соолугуна көзөмөл жүргүзүүсү жана башка учурлар боюнча талкуу жүрдү.

            Gallops тарыхына кайрылсак, 2014-Оманда, 2018-жылы Мароккодо, 2019-жылы Индияда, 2021-Иорданияда өткөрүлгөн.