05 сентябрь 2023

Кароолор: 315

"Кара-Кечеден" көмүр тартуу иштери башталды

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрынан баштап “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” филиалынан Нарын облусунун социалдык обьектилерине жана калкына көмүр тартуу иштери башталды.

Бүгүн, 5-сентябрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров бардык райондордун акимдеринин орун басарлары менен бирге “Кара-Кече” көмүр кесиминде болуп, көмур тартууну уюштуруу иштерин жүргүздү.

Быйыл күз-кыш мезгилине облус боюнча жалпы 127 800 тонна көмүр отуну керектелет. Анын 92500 тоннасы калкка, калганы мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык обьектилердин керектөөсүнө жумшалат. Социалдык обьектилерге көмүр тартуу ишин 20-сентябрга чейин бүтүрүү пландалып, тапшырмалар берилди.

КР Президенинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.