29 май 2025

Кароолор: 33

"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ИРИ МҮЙҮЗДҮҮ МАЛДЫ ГЕНЕТИКАЛЫК ЖАКШЫРТУУ ЖАНА ЖАСАЛМА УРУКТАНДЫРУУ БОЮНЧА ПОТЕНЦИАЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ" ДОЛБООРУ АЛКАГЫНДАГЫ ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Бүгүн, 2025-жылдын 27-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров Корей Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү Со Донг Вон – селекция боюнча адис, Ли А Ён жана Чой Юн Бин – Чунбук Улуттук Университетинен, Пак Хён Джон – талаа менеджери, райондук агрардык өнүгүү башкармалыктарынын жетекчилери (РУАР), ветеринар адистер жана асыл тукум уй багып жаткан фермерлер менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров аймакта асыл тукум уй чарбасын өнүктүрүү жана жасалма уруктандыруу боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. Маалыматына ылайык 3 миң уй жасалма уруктандырылып, алардан туулган 1912  торпок чоңоюп жатат. Ал бул багытта KOICA менен кызматташтык — аймактын мал чарбасын өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

KOICA өкүлдөрү долбоордун максаты жана азыркы абалы тууралуу маалымат беришти. Алардын айтымында, долбоордун негизги максаты — Кыргызстандын ичинде асыл тукум уруктарды жеткиликтүү жана арзан кылуу менен ири мүйүздүү малдын породасын жакшыртуу болуп саналат.

Долбоордун негизги багыттары болуп ветеринар адистерди жана фермерлерди заманбап жасалма уруктандыруу ыкмаларына үйрөтүү, жогорку сапаттагы асыл тукум уруктар менен камсыздоо жана мал чарбачылыктын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Жергиликтүү фермерлер долбоорго катышууга кызыгуу билдиришти жана анын жемиштүү болоруна ишеним артып жатышат. Алар үчүн уйлардын продуктивдүүлүгүн жогорулатуу жана чарбалардын кирешесин көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк.

Бул долбоор Нарын облусундагы малдын генетикалык сапатын жакшыртууга, сүт жана эт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана мал чарбачылыктын экономикалык туруктуулугун камсыздоого өбөлгө түзөт деген.

2024-2027-жылдарга карата ишке ашырылып жаткан "Кыргыз Республикасында ири мүйүздүү малды генетикалык жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу боюнча потенциалды өнүктүрүү" долбоору Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарбачылыгы жана жайыттарды изилдөө илимий институту ишке ашырып жатат.