28 июнь 2024

Кароолор: 227

"Кыргыз шырдагы - XV" фестивалында 200дөн ашык шырдактар сынакка коюлду

28-июнда Нарында “Кыргыз шырдагы-XV” эл аралык фестивалы өтүп жатат.

Эл аралык фестивалга Турциядан, Япониядан, Швейцариядан, Араб Эмираттарынан, Өзбекстандан, Казакстандан меймандар жана өлкөбүздүн аймактарынан келген 200гө жакын кол өнөрчүлөр катышууда.

Фестиваль Нарын районундагы “As A Nomad” этнокомплексинде улуу “Манас” баяны баштаган маданий иш чара менен башталды. Андан кийин кол өнөрчүлөрдүн салтанаттуу жүрүшү болду.

Иш чаранын маданий бөлүгү “Кыргыз шырдагынын” 15 жылдык тарыхын камтыган видео тасма, театралдаштырылган оюн-зоок, кыз-жигит оюну “Сармерден” программалары менен коштолду.

Ошондой эле аркан тартыш, кол күрөш, таяк тартыш, тогуз коргоол, салбуурун сыяктуу улуттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, улуттук саркеч кийимдердин мода көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Фестивалдын кароо-сынагына кол өнөрчүлөрдүн чебер колунан жаралган 200дөн ашык шырдактар коюлуп, калыстар тобунун кароосунан өтүп жатат.

Нарын облусунун райондору жана Нарын шаары көтөргөн ак өргөөлөрдө улуттук тамак-аштын үлгүлөрү көрсөтүлүүдө.

Ушуга удаа эле “Алма-Бак” сейилбагында кол өнөрчүлүк буюмдарынын жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтүп жатат. Ошондой эле каалоочуларды туристтик турлар күтүүдө.

Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи кечки саат 21.00до башталып, чоң программадагы гала концерт, фейерверк менен коштолот.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.