29 июнь 2024
Кароолор: 217
"Кыргыз шырдагы - XV" фестивалынын алкагында илимий конференция өтуп жатат

29-июнда “Кыргыз шырдагы XV” фестивалынын алкагында “Заманбап чеберлердин чыгармаларында элдик көркөм салттарды сактоо, декоративдүү-прикладдык чыгармалардын авторлугун белгилөөнү санариптештирүү” аталышындагы эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өтүп жатат.
Илимий конференциянын ачылышында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Табылды Жакыпов, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Эсенбай Саргашкаев, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, Кыргыз тарыхы коомунун президенти Тынчтыкбек Чоротегин (Прага шаарынан онлайн), Бүткүл Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр ассоциациясынын Азия-Тынч океан аймагы боюнча вице-президенти Айдархан Калиев жана башкалар куттуктоо сөз сүйлөштү.
Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияда “Кыргызстанда кол өнөчүлүк тармагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы”, “IPCHAIN Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү жөнүндө маалымат”, “NRIS жана Art Cloud эл аралык платформасында искусство чыгармаларынын санариптик депозити”, “Боз үйдун жасалышы”, “Жамбы Карыбекованын Кыргыз кол өнөрчүлугунун өнүгүүсүнө кошкон салымы”, “Улуу Жибек Жолунун маданий мурасы” (Сары-Могол этнографиялык музейинин мисалында), “Заманбап жана мурас шырдак оюулары” темаларында илимий баяндамалар жасалууда.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.