29 июнь 2024

Кароолор: 226

"Кыргыз шырдагы - XV" фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Эки күндөн бери Нарында өтүп жаткан “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

“Мыкты шырдак” номинациясы боюнча баш байгени Ак-Талаа районунун уз айымы Марипа Муканованын "Аксакалдар курултайы" деп аталган түр шырдагы жеңип алып, 50 миң өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ болду.

Ал эми "Мурас шырдак” номинациясы боюнча биринчиликти Нарын шаарынын тургуну Айзада Байбосунова камсыздап, 25 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал жасалганына 70 жылга жакындаган тайенесинин мурас шырдагы менен сынакка катышкан.

Сынактын өзгөчөлүгү болгон "Жаратмандык ыкмада жасалган шырдак" же инновациялык шырдак номинациясында баш байгени Ат-Башы районунун уз айымы Жаңылбүбү Чокоеванын шырдагы багындырып, 21 миң сом менен сыйланды.

Ушул эле номинация менен биринчи орунду Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан келген уз Жумалиева Зулайканын шырдагы ээлеп, 20 миң сомдук сыйлыкка ээ болду.

Мындан сырткары 70ке жакын кол өнөрчүлөргө "Жаш уздарды тандоо”, “Мыкты терме”, “Мыкты ала кийиз”, “Мыкты сайма” жана башка номинациялар боюнча кызыктыруучу байгелер берилди.

Калыстар тобунун төрайымы, этнодизайнер, Кыргыз-Түрк Манас университетинин ага окутуучусу Бурул Мамбетова белгилегендей, сынакта миңдеген буюмдардын арасынан 70ке жакын эмгектер сыйлыкка татыды. Баш байгеге ээ болгон шырдактар Кыргыз улуттук тарых музейинде, Көркөм өнөр жана Курманжан Датка музейлеринде кыргыз элинин тарыхый мурасы катары сакталат.

Быйыл “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалынын байге фонду 500 миң сомду түзүп, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланды.

Уюштуруу иштери КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Жумгал, Кочкор, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондук мамлекеттик администрациялары, Нарын шаардык мэриясы тарабынан жүргүзүлүп, КР Кол өнөрчүлөр Кеңешинин, КР Соода-өнөр жай палатасынын, Борбордук Азия Университетинин, Нарын туризм ассоциациясынын, Теңир Тоо дестинациясынын жана башка демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлдү.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.