14 февраль 2024
Кароолор: 311
"Нарын Бренд" продукциялары тандалууда

Бүгүн, 14-февралда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Нарын облусунда өндүрүлүп чыккан продукцияларды баалоо жана тандоо боюнча “Нарын Бренд” комитетинин кезектеги төртүнчү отуруму өтүп жатат.
“Нарын Бренд” сертификатын ыйгаруу үчун бул жолу 8 өндүрүүчүнүн 13 продукциясы сунушталды.
Алар: Таш сувенирлер, Ат-Башы печенье, Карагат экстракт, Карагат упасы, Бал, карагат жана чычырканак менен сары суусундук, Сарымсак упасы, Сафлор майы, Дан куурай, карагат, чычырканак мармелады жана Дан куурай упасы продукциялары.
Буга чейин “Нарын бренд” комитетинин үч отуруму өткөрүлуп, Нарын облусунда өндүрүлүп чыккан 22 продукцияга “Нарын Бренд” сертификаттары ыйгарылган.
Белгилей кетсек, бул продукциялар Япониянын JICA эл аралык уюмунун “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун колдоосу жана технологиясы менен өндүрүлүүдө. Ошондой эле долбоор тарабынан “Нарын Бренд” продукцияларын экспортко чыгарууга колдоо көрсөтүлүүдө.
“Нарын Бренд” продукцияларына баа берүү комитетинин отурумуна КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Япониянын JICA эл аралык кызматташуу агенттигинин “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун жетекчиси Харагучи Акихиса мырза жана комитеттин мүчөлөрү катышууда.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.