16 май 2024

Кароолор: 445

"Салкын-Төр", "Бугу-Марал" эс алуу жайлары реконструкцияланат

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен “Салкын-Төр”, “Бугу-Марал” эс алуу жайларын реконструкциялоо иштери колго алынууда.

Облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан “Бугу-Марал” эс алуу жайын оңдоп-түздөө, туристтерди кабыл алууга ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында 5,5 миллион сом бөлүнүп берилип, иштер башталууда.

Кийинки этап менен “Салкын-Төр” эс алуу жайы толук реконструкцияланат. Долбоору даярдалды.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров “Салкын-Төр” эс алуу жайында болуп, пландоо иштери менен таанышты.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.