19 июнь 2025
Кароолор: 15
А.ЭРГЕШОВ АТ-БАШЫ РАЙОНДУК ЖОЛ ТЕЙЛӨӨ ИШКАНАСЫНА ЭКИ ТЕХНИКА ТАПШЫРДЫ

Бүгүн, 2025-жылдын 17-июнунда, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Ат-Башы райондук #20 жол тейлөө ишканасына атайын техникаларды тапшырды.
Облус башчысы Алтынбек Эргешов техникалардын ачкычын тапшыруу аземинде жолчуларга кайрылып, техникаларга аяр мамиле жасоого чакырды. Райондогу жолдорду оңдоодо жана Кынданын жолу кышы-жайы ачык болуп элге кызмат кылат деген ишенимин билдирди. Ошондой эле алдынкы жылдарда дагы техникалар алынып, жол тейлөө ишканаларынын техникалык базасын чындоо иштери жүргүзүлөрүн айтты.
"«Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна өлкө башчынын тапшырмасына ылайык жыл сайын каражат бөлүнүүдө. Бул каражаттан облуста бир нече экономикалык долбоорлор ишке ашып, керектүү техникалар дагы алынууда. Өлкө башчы бардык шарттарды түзүп берүүдө. Бир гана сапаттуу иштеш керек. Жолдор, ашуу-белдер убагында каралып, тазаланып элге шарт түзүлүшү керек",- деди А.Эргешов.
Аталган ишкананын "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна жазган долбоору колдоо таап, 18 миллион сомдук эки жаңы атайын техника (бульдозер жана жүктөгүч (погрузчик)) алынып берилди. Анын 100 миң сому жол тейлөө ишканасынын өздүк салымы, ал эми 17 млн 900 миң сому "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан каржыланды.
Эске салсак, аталган мекемеге апрель айында министрлик тарабынан 8 атайын техника берилген. Жалпы 22 техника болсо, анын 15 оң абалда.
Быйылкы жылы Ат-Башы-Кында-Торугарт жолунан 7км , Чар-Ак-Муз жолунан 3 км , Ача-Кайыңды-Май-Босого унаа жолунан 5 км жалпы Ат-Башы району боюнча 15 чакырым жол асфальтталат.