16 май 2025
Кароолор: 18
АГРАРДЫК ДОЛБООРЛОР ИШКЕ АШУУДА

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунда ишке ашып жаткан ири агрардык жана кайра иштетүү долбоорлору менен таанышып чыкты. Иш сапар маалында министр айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык демилгелердин жүрүшүн жана натыйжаларын жеринен көрүп, келечектеги пландар тууралуу пикир алышты.
Ат-Башы районундагы Кашка жол участогунда буга чейин пайдаланылбаган 100 гектар жерге ички инвесторлордун колдоосу менен сафлор өсүмдүгү биринчи жолу эгилди. Бул демилгеге жалпысынан 800 миң сомго жакын каражат жумшалып, жаңы айдоо аянттарын өздөштүрүү багытында чоң кадам ташталды. Бул аймакта эгин өстүрүү мүмкүнчүлүгү далилденип, мындан ары пайдаланылбаган жерлерди өндүрүшкө тартуу планы түзүлдү.
Сафлордун 1 тоннасынан 300 литр май алууга мүмкүн экенин жеринде адистер айтып беришти. Сафлор сууну көп талап кылбай турган өсүмдүктөрдүн катарына кирет жана анын майы ден соолукка пайдалуу келет.
Ал эми ал участокко жакын жерде себилген суданка өсүмдүгү сууну аз талап кылат жана малга тоют кылууга ыңгайлуу. Бат өскөн өсүмдүктү бир жылда 2 жолу жыйнап алууга болот.
Министр аткарылып жаткан иштерди жакшы деңгээлде жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, ным топтоо ыкмаларын колдонууну сунуштады жана пайдаланылбай жаткан жерлерди өздөштүрүүнү уланттуу зарыл экенин билдирди.