12 июнь 2025
Кароолор: 7
АЙДАП-СЕБҮҮ ИШТЕРИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАНА КЫШКА ДАЯРДЫК МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

2025-жылдын жазгы айдап-себүү иштерин жыйынтыктоо жана 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыкты камсыздоо максатында Нарын облусунда облустук штабдык жыйын өттү.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров алып барды. Иш-чарада облустук штабдын мүчөлөрү, облустук, шаардык жана райондук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, Нарын шаарынын мэри, ошондой эле райондук мамлекеттик администрация башчылары жана орун басарлары онлайн байланыш аркылуу катышты.
Талкууланган негизги маселелер:
- 2025-жылдагы жазгы айдап-себүү иштеринин жыйынтыгы;
- КР Министрлер Кабинетинин №207 токтомунун аткарылышы (Суу чарба секторун өнүктүрүү, 29.04.2024);
- Карантиндик фитосанитардык зоналарды аныктоо боюнча иштердин жүрүшү;
- "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу" жөнүндө мыйзам боюнча маалымат (мунапыс маселеси).
Айыл чарба боюнча чечимдер:
- Айыл чарба иштерин уюшкандыкта жана сапаттуу бүткөрүү;
- Калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо;
- Тоют (жүгөрү ж.б.) базасын өнүктүрүү;
- Мөмө-жемиш (чычырканак, малина, карагат) кластерлерин түзүү боюнча иштерди күчөтүү.
Кыш мезгилине даярдык боюнча тапшырмалар берилди: Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда көмүр камдоо иштерин эртелеп баштоо, район жетекчилерине калкты жеткиликтүү жана сапаттуу көмүр менен камсыздоо чараларын көрүү ж.б.
2024-жылы Нарын облусунда 120 000 тонна көмүр керектелсе, быйылкы жылы бул көрсөткүч 130 539 тонна деп болжолдонууда. Өсүш ишканалардын санын көбөйгөнү менен түшүндүрүлдү. Мамлекеттик көмүр чыгаруучу ишканалар менен түз келишим түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Электр энергия камсыздоосу боюнча да бир катар тапшырмалар берилди. “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушуна байланыштуу, электр тармактарына облустун керектөөсүн эске алуу менен электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүү боюнча документтерди даярдоо милдети коюлду.
Ошондой эле, жылуулук берүү үзгүлтүксүз болушу керектиги өзгөчө белгиленди.