29 январь 2025
Кароолор: 44
Айлана чөйрөнү булгагандык үчүн 7 млн сомдон ашык каражат төлөндү

Нарын облусу боюнча токой жайгаштыруу, геологиялык чалгындоо, рекультивация, экологиялык паспорт, курулуш, күн электрстанциялар жана башка тармактар боюнча 122 долбоор Мамлекеттик экологиялык экспертизанын кароосунан өткөрүлдү. Алардын 105 оң, 5 терс корутундулар берилген. Айлана чөйрөнү булгагандык үчүн төлөнүүчү нормативдик төлөмдөр боюнча 12 ай ичинде 7 млн 155,8 миң сом чогултулду.
Нарын облусу боюнча 27 айыл өкмөтүнө жана Нарын шаарына караштуу жалпы 90 участокто таштанды таштоочу полигон бар болчу. Аймактык-территориалдык реформанын алкагында айыл өкмөттөрү бириктирилгендиктен, 2023-2024-жылы жалпы 30 таштанды таштоочу полигондор жабылып, азыркы учурда 60 полигон иштейт. Анынын ичинен таштанды жайгаштыруучу жер тилкелеринин иш кагаздары дээрлик көпчүлүкучастокторунда бүткөрүлгөн жана айрым жерлеринин тосуу иштери уланууда.