28 февраль 2025

Кароолор: 15

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА НАРЫНГА ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛДИ

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти Айсулуу Тыныбекова менен жолукту. 

Жолугушууда облус башчысы  дүйнөлүк спорт аренасында А.Тыныбекованын өлкөнүн туусун бийик көтөрүп келе жатканына сыймыктанарын айтты. Облуста спорттун түрлөрүн өнүктүрүү боюнча  иш алып барылып, андан сырткары келечекте Кочкор районуна дүйнөнүн 3 жолку чемпиону А.Тыныбекова атындагы спорт комплекс салуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын маалымдады. Ошондой эле, спортчуга үй-бүлөлүк бакыт, ишине ийгиликтерди каалады.

Ал эми А.Тыныбекова Нарын эли жылуу кабыл алганына ыраазычылык билдирип, аны менен катар, жергиликтүү бийлик күрөштүн өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөөрүнө ишеним артып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын өкүлдөрү Нарын облусуна 27-28-февралдагы иш сапары менен болду.