29 январь 2024
Кароолор: 434
Айыл аймактарынын өнүгүү пландары талкууланууда

Бүгүн, 29-январда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө айыл өкмөттөрүнүн өнүгүү пландары талкууланууда.
Белгилей кетсек, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров тарабынан аймактарды өнүктүрүү программаларын жогорку окуу жайлардын кызматкерлери менен бирдикте иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.
Анын негизинде айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде атайын окутуу уюштурулуп, КР Экономика жана коммерция министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын, НМУнун, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери менен бирдикте айыл аймактарынын өнүктүрүү пландары иштелип чыкты.
Бүгүн, айыл өкмөттөрдүн башчылары өнүгүү пландары боюнча облус жетекчилигине маалымат берип жатышат.
Өнүгүү пандары КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаровдун жана катышуусунда талкууланууда.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.