22 январь 2026

Кароолор: 64

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ БОЮНЧА АЛДЫДАГЫ ПЛАНДАР ТАЛКУУЛАНДЫ

22-январь күнү ыйгарым укуктуу өкүлдүн уюштуруусунда айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган жыйын болуп өттү.

Иш-чарага Айыл чарба министрлигининен Мыктыбек Каландаров, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөгул Беков, райондук жетекчилер, айыл өкмөт башчылары, тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, дыйкан-фермерлер, айыл чарба кооперативдеринин жана асыл тукум чарбаларынын өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылы айыл чарба тармагында аткарылган иштер тууралуу ар бир тармак маалымат беришти. Андан соң, 2026-жылга карата тармакты өнүктүрүү боюнча негизги багыттар, анын ичинде өндүрүштү көбөйтүү, кооперацияларды колдоо, асыл тукум чарбаларды өнүктүрүү жана фермерлерге көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоолор боюнча пландар талкууланды.

Мындан тышкары, катышуучулар тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча суроо-жооп уюштурулуп, тиешелүү сунуш-пикирлер айтылды.