08 август 2025
Кароолор: 10
АЙЫЛ ЧАРБАСЫ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 8-августта ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Руслан Сапарбековдун жетекчилиги алдында айыл чарба маселелери боюнча штаб жыйыны өткөрүлдү.
Анда оруп-жыюу иштеринин жүрүшү, корук чаралары, ирригация багытындагы аткарылган иштер, салыктык эмес төлөмдөрдү, жайыт жана сугат суу акыларын жыйноо, ошондой эле тазалык жана таза суу менен камсыздоо маселелери каралды.
Жыйында суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү багытында облуста жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат угулуп, тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди.