13 март 2025
Кароолор: 31
АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КАТТООГО ДАЯРДЫК КӨРҮҮ ЖАНА ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА ОКУУ ӨТТҮ

Аталган семинар бүгүн, 2025-жылдын 13-мартында, КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, айыл чарба тармагындагы жетекчилер, статисттер, укук коргоо органдарынын жана башка жооптуу кызматкерлердин катышуусунда өттү.
Семинарды КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Чечимдерди даярдоо, экспертизалоо жана аткаруу башкармалыгынын начальниги Шабдан Абыкаев ачып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №122 токтомуна ылайык, ар бир райондо жана Нарын шаарында 2025-жылы айыл чарба каттоосун өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иштердин календарлык планы, иш-чаралар планы бекигенин, комиссиялар түзүлгөнүн маалымдады.
Маалымат боюнча учурда облустун аймагында жайгашкан айылдардын административдик-аймактык чек араларын тактоо, турак-үйлөрдүн, батирлердин номер белгилери жокторун, көчөлөрдүн аталышы жазылган табличкалары жокторду толуктоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле, облустагы бардык категориядагы айыл чарбаларынын (жеке көмөкчү чарбалар, дыйкан чарбалар, жеке чарбалар, жамааттык чарбалар ж.б.) тизмеси жана даректерин тактоо иштери жүрөт.
Каттоону уюштуруу иштерине ар бир райондун, шаардын жергиликтүү бюджетинен жалпы 4 млн 150 миң сом каралууда.
Улуттук статистика комитетинин Статистикалык каттоолор жана геомаалыматтык тутумдар бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Орозбаев 2025 - жылы Кыргыз Республикасында өтүүчү каттоонун негизги максаты - айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөр боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келген толук, объективдүү, ишенимдүү маалыматтарды алуу; айыл чарба секторунун өнүктүрүү тенденцияларын изилдөө үчүн айыл чарбасындагы түзүмдүк жана социалдык өзгөрүүлөрдү аныктоо; аймактык деңгээлде саясатты иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү аймактык бирдиктер жана чарбалардын түзүмү жөнүндө кеңири маалыматтарды алуу экенин айтты.
Анын айтымында мындай каттоо кампаниясы 10 жылда бир жолу өткөрүлүшү керек болсо, бирок, айрым себептерден улам, акыркы 22 жылдан бери уюштурула элек болчу. Кыргыз Республикасында биринчи жолу айыл чарба каттоосу 2002-2003-жылдары эки этап менен өткөрүлгөн.
Биринчи этап 2002-жылдын июнь айында жүргүзүлүп, бардык мамлекеттик, колхоздук жана дыйкан (фермердик) чарбаларды, ошондой эле жеке ишкерлердин чарбаларын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, калктын жеке көмөкчү чарбаларынын жана колхоздук бакчалардын (дачалардын) айдоо аянттарын каттоо өткөрүлгөн.
Ал эми айыл чарба каттоонун экинчи этабы – малдын жана үй канаттууларынын санын, айыл чарба техникасын, кампаларды каттоо 2003-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн.