18 июль 2025
Кароолор: 8
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРДҮН ӨЗДҮК КАЗЫНАСЫНДАГЫ КАРАЖАТТАРДЫ ТОЛУК ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ТАПШЫРМАЛАР БЕРИЛДИ

2024-жылдын жыйынтыгында жана 2025-жыл ичиндеги айыл өкмөттөрдүн казыналык эсебиндеги колдонулбай калган каражаттарды толук пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн 1-орун басары Руслан Сапарбеков район жана айыл өкмөт башчылары менен онлайн жыйын өттү.
“Былтыркы жылы ушундай эсептеги калдыктар колдонулбай бош кеткени маалым. Эгер быйыл да ошондой мүчүлүштүктөргө жол берилсе тартиптик чараларды колдонобуз. Андыктан иштин ыргагын тездетип, ыкчам иш алып баргыла”-деди Р.Сапарбеков.