11 май 2024
Кароолор: 315
Айыл өкмөттөргө алынган техникалар GPS системасы менен көзөмөлдөнүүдө

Аймактарды ирилештирүү реформасынын жыйынтыгы менен КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан Нарын облусундагы жаңы түзүлгөн 27 айыл өкмөткө колдоо катары Нива үлгүсүндөгү 27 автоунаалар, мындан сырткары ар бир айыл өкмөткө 10 миллион сомдон, жалпы 270 миллион сом каражат берилген. Бул каражатка 44 атайын жана айыл чарба техникалары сатып алынган.
Техникаларды эффективдүү колдонуу жана алардан түшкөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө үчүн 44 техниканын ар бирине GPS системасы орнотулду.
Бул система менен техникалардын иштөө графиги, багыты, кайсы убакытта кайсы жерде иштегени, кыскасы болгон кыймыл-аракети он-лайн форматта облус, район жетекчилерине, айыл өкмөт башчысына ачык айкын көрүнүп турат.
Бүгүн, 11-майда облус жетекчисинин орун басары Шабдан Абдырайым уулу баштаган ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери Нарын районунун Учкун, Жан-Булак айыл аймактарындагы техникалардын иштөө тартибин, элге кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын, муниципалдык ишканаларга түшүп жаткан төлөмдөрдүн абалын жеринде көрүп, мониторинг жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кемчиликтерди жоюу, иш ыргагын жакшыртуу тапшырмалары берилди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.