29 декабрь 2025

Кароолор: 24

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫ “ЭҢ ТАЗА АЙЫЛ АЙМАГЫ” КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛДУ

29-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн “Эң таза шаар” жана “Эң таза айыл аймагы” республикалык конкурсунун жыйынтыгында Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагы жеңүүчү деп табылды.

Сыйлоо аземинин жүрүшүндө Ак-Моюн айыл аймагына «Шумкар» маркасындагы таштанды чыгаруучу автоунаа алуу үчүн сертификат тапшырылды.