22 июль 2025

Кароолор: 9

АК-САЙ ӨРӨӨНҮНДӨ ЖАШАГАН ТУРГУНДАРГА ЖАНА ЧЕКАРАЧЫЛАРГА КИНО КОЮЛУП, КОНЦЕРТ БЕРИЛДИ

2025-жылдын 21-22-июль күндөрү Президент С.Н.Жапаровдун "Улуттук дем, дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жарлыгына ылайык дубан башчысынын тапшырмасы менен Нарын облустук кинодирекциясы жана Ат Башы райондук маданият бөлумүнүн кызматкерлери Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Кынды, Орто Кашка Суу, Чатыр-Таш чек арачыларга, ошол аймакта жашаган жергиликтүү тургундарга жаңы чыккан кыргыз кинотасмалары жана концерттик программалар көрсөтүлдү.