26 декабрь 2023

Кароолор: 288

Ак-Талаада облус жетекчисинин балаты майрамы өткөрүлдү

Бүгүн, 26-декабрда Ак-Талаа районунун Баетов айылында облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун бөбөктөргө арналган балаты майрамы өткөрүлдү.

Ак-Талаа районунун бөбөктөрү облус жетекчисин чыдамсыздык менен күтүп алышты. Майрамдык иш чара Ак-Талаа райондук Балдардын билим борбору тарабынан даярдалган оюн-зоок программасы менен башталды.

Кыргыз Респубикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов бөбөктөргө куттук жолдоп, кенен келечек, бактылуу балалык каалады. Ошондой эле келечек ээлерине ата катары мотивациялык кеп-кеңештерин берип, жаңы жылдык белектерин тапшырды.

Иш чарада Ак-Талаа районунан 100 балага ыйгарым укуктуу өкүлдүн майрамдык белектери ыйгарылды. Мындан сырткары Балдардын билим борборунун 40 окуучусуна майрамдык иш чарада таланттарын тартуулап, концерттик программага жигердүү катышкандыгы үчүн белектер берилди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.