20 декабрь 2025

Кароолор: 64

АК-ТАЛААДА “ТЕҢИР-ТОО” ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН КОЛДООСУ МЕНЕН МАЛ СОЮЛУУЧУ ИШКАНА АЧЫЛДЫ

20-декабрь күнү облус башчысынын катышуусунда Ак-Талаа районунун Баетов айылында жеке ишкер тарабынан мал союлуучу ишкана ачылып, пайдаланууга берилди.

Ишкананын жалпы наркы 45 млн сомду түзүп, анын 20 млн сому “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан каралды.