26 апрель 2025

Кароолор: 15

АК-ТАЛААЛЫКТАР КӨЙГӨЙЛӨРҮ БОЮНЧА ЖООП АЛЫШТЫ

2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Ак-Талаа районуна болгон иш сапарында Баетов, Кайыңды-Булак, Кара-Бүргөн, Коңорчок жана Чолок-Кайың айылдарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү. Жыйынга облустук, райондук мекеме жетекчилери катышып, алар дагы тийиштүү суроолорго жооп беришти.

Негизги көтөрүлгөн маселелер:

  • Мал чарбасы жана айыл чарбадагы ортомчулук;
  • Таза суу, сугат суу жетишсиздиги;
  • Баетов-Нарын жолунун абалы;
  • Жергиликтүү инфраструктура (техника, суу, турак жай, бала бакча, мектептер);
  • Жергиликтүү ишкерлерге колдоо көрсөтүү, кайра иштетүүчү ишканалар ачуу;
  • Мамлекеттик кызматтардагы тартип, ачыктык маселелери.

Ак-Талаа районунун эли менен болгон жолугушууларда жарандар бир катар курч маселелерди көтөрүштү. Ар бир маселеге жооп катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов маалымат берди.

1. Мал чарбасы багытындагы суроолордо эл ортомчулардын малды арзан алып, эки эсе кымбат сатуусун, экспорт жолдорунун жетишсиздигин белгилешти.

Бул суроого облус башчы айыл чарба тармагында реформа жүрүп жатканын, учурда ветеринардык системада да өзгөрүүлөр сунушталып жатканын билдирди. Ал "сандан сапатка өтүү мезгили келди" деп белгилеп, тышкы рынокко чыгуу багытында иш-аракеттер жүргүзүлөрүн айтты.

2. Сугат суу жана суу чарбасы боюнча: көптөгөн айыл тургундары талааларгасугат суу жетпей жатканын айтып, насостук станцияларды эртерээк ишке берүү өтүнүчүн билдиришти. Ала-Буга айыл аймагында мурабдардын айлыгы 15-16 миң сомду түзүп, ал суу бөлүштүрүп берүү үчүн ал кызматка айылдыктар барбай жатканын дагы кошумчалашты.

Адистердин маалыматына ылайык, Жаман-Даван суу системасы боюнча долбоорлоо иштери башталганын, долбоордун жалпы суммасы 2 млрд сомдон ашарын жана суу сактагыч куруу да планда бар экенин билдирди. Ошондой эле 7,4 млн куб суу сактагыч куруу менен 7000 гектар жаңы жер өздөштүрүлө турганы белгиленди. Ал эми жаңы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык сугаттын төлөмдөрү пайдалануучулардан өз убагында чогулуп турса, анын 40% мурабка айлык катары берилерин маалымдады. 50 миң сомго чейин айлык алууга мүмкүнчүлүк бар.

3. Таза суу маселеси боюнча: Баетов айыл аймагында таза ичүүчү суунун жетишсиздигин, айрым айылдарда өткөн жылы башталган иштер толук бүтпөй калганын көтөрүштү.

Бул багытта адистер долбоор боюнча эки компания утуп алганын, учурда графикке ылайык иштер жүрүп жатканын айтты. А.Эргешов тургундарга аткарылган иштер боюнча маалыматтарды ачыкка чыгаруу үчүн күн сайын маалымат тактасына илип туруу тапшырмасын берди.

4. Жолдор жана транспорт боюнча: тургундар Баетов–Нарын, Баетов–Казарман жолдорунун абалы начар экенин, үч жылдан бери жол бүтпөй жатканын сынга алышты.

Жооп иретинде адистер быйыл ал жолдордун көпчүлүк бөлүгү жасалып келе жатканын билдиришти. Быйыл Нарын-Баетов унаа жолунун 115-120 чакырымы жол куруу башкармалыгы тарабынан бүткөрүлөт. Ошондой эле, Нарын-Баетов жолунун 84-115 аралыгындагы 31 чакырым жолду “Чайна Рейалвей №5” компаниясы жасап баштады. Быйыл бүткөрүүгө убадасын беришти. Андын тышкары, Нарын-Баетов жолунун 8-13 чакырымы (Ак-Кыя) асфальт төшөлөт. 33-38 чакырымда бетон көпүрөсү курулуп жатканына байланыштуу, айланма жол курулуп жатат. 

А.Эргешов темир жолдун Ак-Талаа районуна тийгизген таасирин белгиледи. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу 486 км түзсө, анын 311 км Кыргызстан аркылуу өтөт. Анын ичинен 208 км Нарын облусу аркылуу өтөрү белгиленди.  Темир жол боюнда инфраструктура түзүлүп, ак-талаалыктар үчүн дагы экономиканын өсүшүнө чоң түрткү болот.

5. Турак жай жана жер маселеси: Ак-Талаа районунун тургундары жаңы үй-бүлөлөргө жер тилкелери берилбей жатканын айтышты. Кош-Дөбө айылында жылына 120 бала төрөлсө да, жашоого жер тилкелери берилбей жатканын, көп кабаттуу үйлөргө муктаждык бар экенин айтышты. 

Облус башчысы бул маселени МИК аркылуу чечүү жолдору каралып жатканын, келечекти ойлонуу керектигин белгилеп, бийиктикке ылайыкташкан үйлөрдү куруу зарылдыгын белгиледи. 

6. Билим берүү жана инклюзивдүү окутуу: Баетов айылында инклюзивдүү мектеп ачылганы менен штаттык бирдиктер каралбаганы, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусу жетишсиз экени айтылды.

Бул маселе боюнча облус башчысы министрликке сунуш берилерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн колдоо көрсөтөрүн белгиледи жана жеринде инклюзивдүү мектеп.

7. Мамлекеттик кызматтагы тартип: жарандар мектеп, бала бакча кызматкерлеринин  ортосундагы араздашууларды, ишиндеги тартип бузууларды жана жоопкерчиликсиз мамилени сынга алышты.

Облус башчысы мыйзам бузгандар сөзсүз жоопко тартыларын, “жалаа жабуу, чукуламай болбойт, мамлекеттик кызматта тартип жана сый мамиле болушу шарт,”- деп баса белгиледи.