10 апрель 2026

Кароолор: 17

“АКСАЙ” ЖАНА “АРПА” ЖАЙЛООЛОРУНА ЧЕК АРАДАН ӨТҮҮ ТАРТИБИ ЖЕҢИЛДЕТИЛДИ

Облус жашоочуларынын кайрылуулары эске алынып, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, “Ак-Сай” жана “Арпа” өрөөндөрүнө өтүү үчүн чек ара көзөмөлдөрүн жеңилдетүү боюнча иштер жүргүзүлүп, тиешелүү чечим кабыл алынды.

Эми чек ара аймагында чарбалык иш (мал жаюу жана айыл чарба жумуштары) жүргүзгөн жарандар:

- Уруксат кагазын албайт;

- Акы төлөбөйт;

- Айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн тизме менен өздүгүн тастыктаган документтин негизинде өтө алышат.

- ⁠

ЭСКЕРТҮҮ: Бул мүмкүнчүлүк ал айыл өкмөтүндө туруктуу жашаган тургундарга гана берилет. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн айыл өкмөтүнө алдын ала тизмеге катталып коюшу зарыл!