03 апрель 2024

Кароолор: 153

Акыркы 3 жылда Нарын облусуна 230дан ашык жаңы техникалар алынды

Акыркы 3 жыл аралыгында Нарын облусунун калкты тейлөө тармактарына мамлекет тарабынан 230дан ашык жаңы техникалар алынды.

Алсак, аймактарды ирилештирүү реформасынын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жаңыдан түзүлгөн 27 айыл өкмөткө колдоо катары Нива үлгүсүндөгү 27 автоунаа берди. Мындан сырткары 27 айыл аймагынын ар бирине өнүгүү үчүн 10 миллион сомдон, жалпы 270 миллион сом каражат берилип, бул каражатка 44 атайын жана айыл чарба техникалары сатып алынды.

Ошондой эле облустун саламаттыкты сактоо тармагына 31, жол тейлөө тармагына 40, энергетика тармагына 21, суу чарба башкармалыгына 6, Нарын бажысына 5, Камсыздандыруу уюмуна 1, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгына 11, Нарын облустук прокуратурасына 2, Нарын облустук ички иштер башкармалыгына 18, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Нарын облусунда иш алып барган Кара-Кече филиалына 27 ири атайын техникалар берилди.

Белгилүү болгондой, 30 жыл аралыгында Нарын облусуна мындай ири көлөмдөгү техникалар алынган эмес. Бул техникалар калктын саламаттыгына убагында кам көрүү, оруп-жыюу, жазгы талаачылык жумуштарын жүргүзүү, жолдордун абалын жакшыртуу, энергетика тармагындагы ремонт, курулуш иштерин алып баруу, арык-каналдарды тазалап, ирригация системасын жакшыртуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, коомдун коопсуздугун сактоо, көмүр өндүрүмдүүлүгүн арттыруу менен калкка көмүр отунун ташып жеткирүү жана башка иштердеги түйшүктөрдү кыйла жеңилдетип, жумуштун сапаттуу жасалышына өбөлгө болууда.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.