09 май 2024

Кароолор: 296

Ардагерлерге куттук

Улуу Жеңиш майрамын Нарын облусу боюнча 2 гана согуш ардагери тосуп алды. Алар: Ат-Башы районунун тургундары Керимкулов Тапа жана Жапаров Сатынды аталарыбыз.

Эл-журтунун кашында, балдарынын төрүндө Улуу Жеңиш майрамынын 79 жылдык мааракесин көрүү бактысы буюрган кадырлуу ардагерлерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жеринде барып куттукташты.

Эдиль Байсалов ардагерлерге Президенттин саламын жолдоп, 100 миң сом өлчөмүндөгү белегин тапшырды.

Ошондой эле облус жетекчиси тарабынан ардагерлерге акчалай сыйлык ыйгарылды.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.