21 январь 2025
Кароолор: 57
Арыз-даттануулардын басымдуу бөлүгүн кандай кайрылуулар түздү?

Жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү, алардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсү жана жарандар тарабынан коюлган маселелерди чечүүдө мүмкүн болуучу практикалык жардамдарды көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы “Коомдук кабылдамалар жөнүндө Жобо тууралуу” №197 тескемесин жетекчиликке алып ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратында жана бардык жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Коомдук кабылдамалар уюштурулган жана видео көзөмөл жабдуулары толук кандуу иштеп жатат.
2024-жылда жалпы 894 арыз, даттануулар жана оозеки кайрылуулар келген.
Жазуу түрүндө – 496, озеки кайрылуу - 343, “ишеним телефон” тутуму боюнча - 2, Биринчи радиосунун “Биринчи кабылдама” рубрикасы аркылуу - 53 жаран кайрылган.
Келип түшкөн кайрылуулардын басымдуу бөлүгү турак жай, жер маселеси, турак жайларын мыйзамдаштыруу маселелери жана материалдык жардам сурагандар түзөт.